2020-жылга карата пландар такталды

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 10-февраль күнү мэриянын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Отурумга Кыргыз Республикасынын премьер-министри М. Абылгазиев, Чүй облусунун губернатору А. Намазалиев, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары Э. Бусурманкулов,Токмок шаарынын мэри Д. Амангельдиев, райондук мамлекеттик администрациянын башчылары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана ошондой эле облусттук, райондук түзүмдүн мекеме жетекчилери катышышты.
Коллегиянын отурумунун күн тартиби боюнча Чүй облусунун 2019-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2020-жылга коюлган иш-чаралар планы жөнүндө КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Э. Аширбаев баяндама жасады.
Баяндамада Чүй облусунун 2019-жылдын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, аймактар боюнча өнөр-жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү жана физикалык көлөмдүн индекси, өткөн жылдын жыйынтыгы менен жаңы ачылган кичи жана орто бизнес объекттер, лизинг аркылуу алынган айыл чарба техникалары суммасынын ченем бирдиги, Чүй облусунун райондору боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйымы, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн бюджетке келип түшкөндүгү, авто унаа жолдоруна асфальт төшөө, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” жарлыгынын алкагында Чүй облусундагы иш-чаралардын аткарылышы боюнча маалыматтар айтылды.
Андан соң, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев баяндамада көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр боюнча, Чүй облусу боюнча өткөн жыл ичинде түзүлгөн иш ордуларынын санын тактап, кайрадан жумушчу орундарды түзүү, салык маселесин жөнгө салуу, иштетилбеген жер аянттарын калк арасына иштетүүгө берүү, айыл-чарбасын жана асыл тукум мал көбөйтүүгө салым кошуу, туристтик кызмат көрсөтүүчү жайларды өнүктүрүү боюнча жана башка бир топ маселелерге токтолуп, бул жааттарга жакшы көңүл бөлүү керектигин баса белгилөө менен бирге, финансылык жана аткаруучулук тартиптеги кемчиликтерди жөнгө салуу үчүн чара көрүүнү сунуштады.

Э. ТОЙМАТОВА.