30 июля — День национального траура по жертвам коронавирусной инфекции

Мэрия города Токмок

Урматтуу токмоктуктар! Урматтуу мекендештер!

Бүгүн, коронавирус оорусунан көз жумгандарга улуттук аза күтүү күнүндө Токмок шаардык мэриясы менен шаардык кеңеш жакындарын жана туугандарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Адамзаттын тарыхында алгачкы ирет дүйнө жүзүн пандемия илдети каптап, бир эле убакытта баардык кургактыктагы мамлекеттерди чулгап алды.
Кыргызстандагы кырдаал да өтө татаал. Ооруга чалдыккандардын саны 35 миңге чукулдап барса, оорудан көз жумгандардын саны 1300 адамдан ашып кетти.
Токмокто 800гө жакын адам илдетке кабылса, биздин дарыгерлердин жардамы менен алардын басымдуу бөлүгү айыгышты. Тилекке каршы 43 адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоду. Алардын 28и шаарыбыздын тургундары болсо, 15и Чүй облусунун тургундары.
Өлүм алдында баары бир катарда. Ар бир жоготуу жакындарынын оор кайгысы. Бирөөлөрү ата-энесин, бирөөлөрү өмүрлүк жолдошун, ага-инисин, эже-сиңдисин жоктоодо. Биз Сиздер менен тең кайгырып, аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.
Өз кезегинде адам өмүрүн кыйган мындай коркунучтуу оорудан жабыр тарткандардын аз болуусу үчүн колдон келген мүмкүнчүлүктөрдү аябайбыз деп айтмакчыбыз.
Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү ыйык Курман айт майрамынын алдында жарыяланышы учурга ылайык иш болду, анткени айт күнү баарыбыз каза болгондордун арбактарына атап куран окутабыз да.
Дүйнө жүзүн каптаган оорудан каза болгондордун жаркын элестери жакын адамдарынын жана жалпы элдин эсинде  дайыма сакталып кала бермекчи.


Уважаемые токмокчане! Уважаемые соотечественники!

Сегодня, в День национального траура по умершим от коронавирусной инфекции, мэрия и городской кенеш выражают искренние соболезнования всем, чей дом не обошла беда.
Впервые в истории человечества мир охватила пандемия — эпидемия, которая поразила сразу все страны и континенты.
Сложная ситуация и в Кыргызстане. Число заболевших приблизилось к 35 тысячам, умерло более 1300 человек.
В Токмоке заболело уже почти 800 человек. Большинство из них с помощью наших врачей уже победили болезнь. 43 сраженных недугом спасти не удалось. 28 из них — жители Токмока, 15 — Чуйской области.
Перед смертью все равны. За каждой потерей — боль и горе близких. Кто-то лишился матери, отца, кто-то мужа, жены, брата, сестры… Мы скорбим вместе с вами, разделяем боль утрат.
Со своей стороны заверяем, что мы делаем все возможное, чтобы жертв этой страшной болезни было как можно меньше.
Очень символично, что День национального траура у нас в Кыргызстане объявлен накануне священного праздника Курман-айт — дня, когда мы возносим Аллаху молитвы за всех ушедших от нас.
Светлая память всем, чью жизнь оборвала страшная инфекция.