Шаардын санитардык абалы кандай?

Менин Шаарым / Мой Город
Токмок шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Садамкулова Фарида Исакуловна менен шаарыбыздын санитардык абалы тууралуу кеп козгодук. СЭКБнын негизги милдеттери: Токмок шаарынын калкынын арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, адамдарга тийгизген зыяндуу факторлордун таасирлерин алдын алуу, калкты гигиеналык жактан тарбиялоо жана билим берүү болуп саналат.

– Саламатсызбы Фарида Исакуловна, маегибизди 2019-жылга койгон пландарыңыздар менен бөлүшүүдөн баштасак болобу?
– Жугуштуу жана паразитардык оорулардын алдын алуу максатында Токмок шаарынын жана Чуй районунун администрация башчылары менен 2019- жылга бекитилген пландын негизинде иш алып баруудабыз. Мисал катары, кээ бирине токтоло кетсек: “Булак” жана “Мүрөк” базарынын айланасына, көчө бойлоруна күн сайын рейд жүргүзүү менен уруксаты жок соода кылган соодагерлерге эскертүү берилет. Эгерде ден-соолукка коопту, эпидемиологиялык кырдаал түзүлсө жергиликтүү органдар менен бирдикте шаар мэриясынын буюрмасынын негизинде көзөмөл иштери жүргүзүлөт .
– Жогоруда айтып кеткениңиздей, көчөдө, базарларда сатылып жаткан тамак-аштарга кандай көзөмөлдөр жүргүзүлөт?
– Чындыгында сиздер айткандай базар же көчө жээктеринде нан же ар кандай тамак-аш продукциялары ачык-айрым, санитардык талаптарга жооп бербеген абалда сатылууда. Өткөн жылдын декабрь айында КР өкмөтүнүн бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук коргоону камсыздоо, ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, аларга текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтому чыккан. Андыктан, жөнсүз барып текшере албайбыз. Шаар тургундардан арыздар келип түшсө гана, ишкерди текшерүү үчүн КР экономика министрлигинин мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишке ашырылуучу ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча расмий порталына электрондук түрдө уруксат алып, анын негизинде гана пландан сырткары текшерилет. А эгер тамак-аштан уулануулар катталса, токтоосуз иш алып барабыз.
– Ал эми Токмок шаарынан чыккан продукциялар боюнча эмне айта аласыз?
– Бул убакка чейин биз ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерин көзөмөлдөп, лицензиясын текшерүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турчубуз. Жогорудагы токтомдун негизинде биз азыр ишкерлерге түз барып текшерүүгө акыбыз жок. Эми аларга, жеке ишкерлерге азыркы учурда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр берилүүдө. Продукциялары коюлган талапка ылайык чыгышына ишкерлер өздөрү жоопкерчиликтүү болуп калышты. Алар продукциялары талапка жооп берээрин аныктоо үчүн бизге арыз менен кайрылса, лабораторияда изилдөө жүргүзөбүз дагы декларация менен камсыз кылабыз. Бирок, бизге бардыгы эле учурунда кайрыла беришпейт, андыктан, талапка ылайык продукциялар чыгып жатат деп так айтууга болбойт.
– Акыркы убакта көчө бойлой күйүүчү майлардын байма-бай сатылып жатышы жаңылык эмес. Эми ошол күйүүчү май менен тамак-аш дүкөндөрдүн жакын аралыгына токтолсок?
– Ал жагдайга кайрылсам, күйүүчү майларды жана май куючу жайларды көзөмөлдөө экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын карамагына өткөн. Бирок, биз алсызбыз деп айтканга болбойт, себеби, башка жергиликтүү органдардын мүчөлөрү менен бирдикте иш алып барабыз. А негизинен, бул жагдай салык кызматы жана аймактык милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөл жүргүзүлүп, санитардык сактоо зонасы жана жер үстүндөгү сууларды жана суу булактарын коргоо боюнча күйүүчү майлардын көчөдө сатылышына тыюу салынышы керек. Жакынкы арада бул маселе оң жагына чечилип, көйгөйлөр жоюлат деген ишенимдебиз.
– Жаңы кабыл алынган кодекс боюнча сиздер кандай өзгөрүүлөргө дуушар болдуңуздар?
– Азыркы жаңы кодекстин негизинде административдик укук бузуулар боюнча онлайн режиминде, эки кызматкерди жоопкерчиликтүү кылып, иштеп жатабыз. Чынын айтканда, өзүбүзгө тиешелүү жумушту аткарууга акыркы кабыл алынган кодекс тоскоолдук жаратууда. Себеби, жогоруда айтып кеткенимдей, ишкердин иши талапка жооп бербесе, санитардык сунуштун негизинде анын ишкердигин жаап коюуга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Ал эми азыр протокол түзүү менен гана чектелүүдөбүз. Андыктан, ар бир жаран коомго, ден-соолукка кайдыгер карабай, ар бир ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасашса дейт элем. Мисалы, жумуш берүүчүлөр медициналык китепче талап кылышсын, айрыкча тамак-аш тармагындагылар. “Кандай жол менен жасалды, идиштерди кандай адам жууду” – деген суроо ошол эле шаар тургундарында да болуш керек. Сактоо, чыгаруу мөөнөттөргө көңүл буруп, керектүү маалымат талап кыла жүрүңүздөр. Дагы айта кетчү жагдай, алдыда келе жаткан нооруз майрамына карата дасторкон даярдоодо ар бир үй кожойкеси үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолугу үчүн аяр мамиле жасайт деп ишенем. Анткени, күн жылып калды, уулануулардын алдын алалы.
– Кызыктуу маегиңизге рахмат.

Э. ТОЙМАТОВА.