Мэрия города Токмок

Токмок шаарынын  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыктары жана алдыдагы мезгилге карата милдеттери жөнүндө

ӨНӨР ЖАЙЫ
2019-жылдын 1-жарым жылдыгынынжыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү шаар боюнча 2636,0млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине карата көрсөткүч 124,3 млн. сомго көбүүрөк болуп, номиналдуу өсүү ыргагы 104,9% түзгөн.
Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча физикалык көлөмдүн индекси 107,0 пункту түзгөн.
Чыгарылган буюмдардын түрлөрү боюнчатамак-аш продукциялардан: кондитер азыктары, ун, эт, сүт нан азыктары, ошондой эле айнек жана жыгачтан жасалган буюмдарды чыгаруу жогорулаган.Ошону менен бирге, токулган буюмдар, фармацевтикалык азыктар жана айнек жана бетондон жасалган буюмдардын өндүрүү төмөндөшү белгиленген.
Отчөттук мезгилинде Россиялык инвестор «Компания «МолПродукт» депаталган компаниясы, токтоп турган сүт чыгаруучу «СССР АС» ЖЧКсы менен ишкананы кайра иштетүү тууралуу келишим түзүлдү. Азыркы учурда даярдоо, ишкананын имараттарын оңдоо жана тиешелүү кызматтары менен келишим түзүү иштери жүргүзүлүп жатат.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– “Токмок-плодоовощ” ЖЧКсын кайрадан толук иштөөсүнө жеңилдетилген насыя алууга көмөк көрсөтүү;
– Компания «МолПродукт» ЖЧКсын ишке киргизүүдө зарыл болгон маселелерине чечүүгө  көмөк көрсөтүү;
– өнөр жай ишканаларынын жетекчилери өндүрүштүн көлөмүнүн өсүү ыргагын жогорулатууну камсыз кылуулары, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана өндүрүлгөн продукциянын өз наркын төмөндөтүү, өндүрүштү диверсификациялоо жана сатып өткөрүүчү жаңы рынокторду издөө боюнча иштери улантылууда.
 
КУРУЛУШ
2019-жылдын 1-жарым жылдыгынынжыйынтыгы боюнча шаар боюнча капиталдык салымдардын көлөмү 645,0 млн. сомду түзгөн, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (2018-ж -205,6 млн.сом.) 3 эсеге көбүрөөк болгон,  же 439,4 млн.сомго өскөн.
Отчеттук мезгил аралыгында жалпы аянты 4,1 миң чарчы метрлик 25 жеке турак-жай пайдаланууга берилген. Өткөн жылы бул көрсөткүч 4,6 миң чарчы метрлик турак-жай курулуп, мындагы өсүү ыргагы 88,0% түзгөн.
Ошондой эле “Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн тез тургузулуучу каркастык жеке турак үйлөрдү куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн Парковая көчөсүндө 36 батирлүу 9 турак үй бүткөрүлгөн. Калган 5 үйдүн 2 турак үйү куруулуда, калган 3 үй боюнча каржы маселеси чечилүүдө. Салымын кошуучу каалоочулар келсе баардыгы тургузулуп бүтөт.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде төмөндөгүлөр аткарылуусу зарыл:
– шаардын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына капиталдык салымдардын көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды улантуу;
– Парковая көчөсүндөгү жалпы аянты 4368 чарчы метр болгон “Социум” коттедждик шаарчасындагы 14 үйдүн (56 батир) калган 5 үйүнүн курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү.
 
БАЙЛАНЫШ
Шаардын байланышчылары тарабынан 2019-жылдын 6-айдыничинде 17,0 млн. сом тарифтик  кирешелер  алынды, бул былтыркыга салыштырганда 5,0% гатөмөндөгөн. Акы төлөнүүчү кызматтардын көлөмү 13,5 млн. сомду түзүп, 100,0 % болгон.
Отчеттук мезгилдин ичинде  сандык (цифровой)  байланыштын 148 телефон аппараты коюлду. Интернет тейлөөгө 234 абонент кошулду, анын ичинен ADSL технологияга — 179 абонент, Metro Ethernet технологиясы боюнча – 55 абонент.
«Кичи район» долбоору боюнча абоненттерди ЦАТС-54 жана ЦАТС МSAN-660ка которуу аяктаган. Аймак айланасындагы абоненттер көчмө станцияларына которулуп, Интернет жана телекөрсөтүү менен камсыз кылынды, баардыгы 1100 абонент.
Андан тышкарыайнек-була (оптико-волоконный)  кабелинекошулду.
Кроме этого, подключены к интернет по волоконно-Оптическому кабелю: Мындан сырткары була-оптикалык кабель боюнча интернет кошулган: «Ак-Бата» Христиан мектеби, «ЫРАЙЫМ» БХФ, РЭО ДРТС И ВС, «Чуйгаз» филиалы, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКасы, “Оптима Банк»” ААК, ГКНБ.
0,94 км. узундуктагы кабелдик  байланыш линиялары 95,9 миң.сомго капиталдык оңдоодонөттү. Ошондой эле, учурдагы оңдоолор 9,7 км. узундуктагы кабелдик  байланыш линиялары 76,4 миң сомго жасалган.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– Токмоктогу үй-бүлөлүк медицина борборунун жана оорукана менен төрөт үйдүайнек-булакабелинетуташтыруу.
 
УНАА
Шаардын унаа уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан 2019-жылдын 6-айдын ичинде 360,8 миң тонна жүк ташылган (2018-жылы –358,3 миң тонна), же 2,5 миӊ тонна жүккө көбүрөөк, 100,7 % аткарылган.
Жүк айлануу 7,2 млн.тн/км (2018-жылы–7,1 млн.тн/км),же 50,0 тыс. тн/км көбүрөөк, 100,6 % түздү.
Жүргүнчүлөрдү ташуу 64,5млн. жүрг./км, (2018-жылы- 64,0млн. жүрг./км), же 0,5 миӊ жүрг./кмкөбүрөөк, 100,7% түздү.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– жеке жеңил жана жүк ташуучу таксилерди патенттөөнү толук камтууга өбөлгө болуучу натыйжалуу чараларды улантуу;
– каттам таксилеринин айдоочуларынын пенсионерлер жана жеңилдик алуучу категориядагы жарандарды  тейлөө маданиятын жакшыртуу боюнча иштерди  улантуу.
         
СООДА ЖАНА КЫЗМАТТАР
2019-жылдын 6-айдын ичиндечекене товар жүгүртүү 2318,0 млн. сомду  түздү (2018-жылы–2385,0млн.сом), өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы физикалык бааларда 100,0%, ал эми былтыркыга салыштырмалуу 96,0 % түздү.
Экономикалык  ишмердиктин түрлөрү  боюнча  акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн  көлөмү  221,2 млн. сомду (2018-жылы – 222,1 млн. сом) түзүп, иш жүзүндө баалардын өсүү ыргагы  99,5 %  түздү (учурдагы баа боюнча өткөн жылга салыштырмалуу).
Иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иш-чаралар улантылууда.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл: 
– соода чөйрөсүндө, керектөөчүлөрдүн базарынын жана көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдү мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун сакталышына  туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүсү;
– иштеп жаткан базарларды ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантуу.
 
ИШКЕРДҮҮЛҮК
2019-жылдын 1-жарым жылдыгынынжыйынтыгы боюнча чакан жана орто бизнес субъектилеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 914,2 млн. сомду түзүп(2018-жылы–799,1 млн.сом),бул көрсөткүч 115,1 млн. сомго көбүрөөк болгон. Өсүү ыргагы мурунку жылга салыштырмалуу114,4% аткарылган.
Отчеттук мезгилде ЧОБдун 8 объектиси колдонууга берилип,65 жаңы жумуш орундары түзүлдү (2018-жылы — 11), же 3 объектиге кем болгон.
2019-жылдын 1-июлуна  карата4318 адамга 624,9 млн. сом чакан насыялар берилген, бул былтыркы жылгы салыштырганда 86,0 млн.сомго азыраак. Себеп, ири банктардын шарттары ыңгайлуу болгондугуна жана алуучулардын насыя алатурган суммалары көбүрөөк болгондугуна байланыштуу.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл: 
– чакан жана орто бизнестин жаңы субъектилерин түзүү боюнча ишти улантуу;
– Токмок шаарынын ишкерлер биримдиги менен бизнес түзүү жана жүргүзүү маселесин колдоо жана кеңеш берүү, окутуу маселеси кирген семинарларды, конференцияларды өткөрүү жана уюштуруу боюнча иштерди улантуу;
– керектөөчүлөрдүн укуктарын толук көлөмдө камсыздоо боюнча иш-чараларды улантуу.
 
ЭКСПОРТ-ИМПОРТ
2019-жылдын январь-май айларында Токмок шаарынын тышкы соода жүгүртүүсү  72,5 млн. АКШ долларын түздү, бул өткөн жылдагыдан 49,2 млн. сомго көбүрөөк.  Импорттун көлөмү — АКШнын 62,7 млн. долларын (2018-жылы 13,5 млн.долл.), экспорттун көлөмү АКШнын 9,8 млн. долларын (2018-жылы – 9,8 млн.долл.) түздү. Отчеттук мезгилде импорт катары чийки заттар көбүрөөк алынган (мисалы органикалык эмес химиялык заттар 48,8 АКШ $, дан өсүмдүктөрү (буудай, ун, гранул 2,1 тыс. АКШ $) жана жер семирткичтер жана минералдык чийки материалдар 0,6 миӊ АКШ $).
Отчеттук  мезгилдин ичинде  тышкы соода жүгүртүүнүн терс сальдосу   АКШнын 52,9 млн.долларын түздү, былтыркыга салыштырганда (2018ж-3,6 млн.доллар) 49,3 млн. долларга көбөйгөн.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– экономиканын  артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, жергиликтүү чийки заттарды  жана материалдык ресурстарды колдонуу менен иштеп жаткан экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу   өндүрүштү чыңдоо жана колдоо боюнча иштерди улантуу.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүИри салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгындагы “Интергласс” жана “Бренд”  жооптугу чектелген коомдорду эске алуу ошондой эле атайын каражаттарды эсеби менен 97,1 %  аткарылды, такталган план боюнча 110,8 млн. сом болсо,  иш жүзүндө 107,6 млн. сомду  түздү, же бюджетке 3,1 млн.сом азыраак түшкөн.
Ал эми, ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгындагы “Интергласс” жана “Бренд”  ЖЧКларды эске албаганда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 102,1 % аткарылган, же пландын 90,1 млн.сомдон факт жүзүндө 92,0 млн.сом  түшкөн, же бюджетке 1,9 млн.сом ашыгы менен түшкөн. Ал эми ушул эле мезгилди былтыркыга салыштырганда 17,7  млн.сомго көбүрөөк чогултулган же 123,9% аткарылган.
Жергиликтүү бюджеттинпланысалыктардын жана төлөмдөрдүн төмөнкү түрлөрү боюнча аткарылган жок:
– киреше салыгы 98,5% аткарылган, же бюджетке 533,8 миӊ. сом түшпөй калган (бирок былтыркы жылга салыштырганда 12,8 млн.сом көбүүрөк, өсүү темпи 155,0% болгон);
– унаа салыгы 74,8 % аткарылган, же бюджетке 1567,1 миң сом түшпөй калган;
– роялти 96,9 %, же бюджетке16,5 миңсомтүшпөй калган;
– таштандыны жыйноо салыгы  97,9 % аткарылган, же бюджетке 8,0 миң сом түшпөй калган.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алуу менен  81,4% аткарылды, же такталган пландагы111,4 млн. сомдун ордуна,  иш жүзүндө 90,7 млн. сом сарпталган, анын ичинде:
– атайын каражаттар 90,8% аткарылды, же такталган пландагы 11,4 млн.сомдун ордуна, иш жүзүндө 10,4 млн.сом сарпталган;
– бюджеттик  каражаттар 80,4 % өздөштүрүлгөн, же такталган пландагы 100,0 млн. сомдун ордуна, иш жүзүндө 80,3 млн.сом  сарпталды.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, соц.фондго төлөмдөр, тамак-аш азыктарына,стипендия жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан калкка социалдык жардам көрсөтүүгө)25,1млн.сом, же 31,3 % каржыланган.Коммуналдык тейлөөлөрдү каржылоого (сууга,электр энергиясына, жылуулук энергиясына, байланыш тейлөөлөрүнө төлөмдөр)28,3 млн. сом багытталган, же жалпы чыгымдардын 35,2%  бөлүнгөн, чыгашалардын башка беренелерине 26,9 млн. сом, же 33,5%.
2019-жылдын 10-июлунакарата шаардын бюджеттик мекемелеринин насыялык карыздары 6,4 млн.сомду түздү,  анын ичинде:коммуналдык тейлөөлөргө-1,1 млн.сом (анын ичинен жылуулукка карыз-792,7 миӊ.сом, электроэнергияга-84,6 миӊ.сом, сууга-195,2миӊ.сом)жолдун ремонтуна 2,2 жана башка чыгымдарга-3,1 млн. сом. Андан тышкары, “Токмок Жылуулук” МИге республикалык бюджет 25,7 млн.сом субсидия карыз.
2019-жылдын1-июлуна каратасалык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик бюджеткемөөнөтүндө төлөнбөй калган калдыктар15,8 млн.сомдутүзүп, жылдын башынан бери 3,9 млн. сомго өскөн. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыгы 6,9 млн. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 170,0 миӊ. сомго, ал эми былтыркы жылга салыштырганда 892,5 миӊ сомго азайган. Салыктардын түрлөрү боюнча (жергиликтүү бюджет) кирешелер салыгыбоюнча 4,1 млн сом,үй жанындагы жер тилке салыгы 921,4миӊ.сом, айыл чарба эмес жер салыгы боюнча 823,6 миӊ сом, автоунаа ээлеринен алынуучу салык 505,1 миӊ.сом,кыймылсыз мүлк салыгы 297,0 миң сом,сатуудан алынган салык 226,0 миң сом.
Отчеттук мезгилде көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү максатында Токмок шаары боюнча МСКБ тарабынан 581 субъект рейддик көзөмөл жана сынап сатып алууларга текшерилген, жыйынтыгында 130 мыйзам бузуулар аныкталган. Сынап сатып алуулар239 субъекттежүргүзүлгөн. Уруксат документтери жок иштеген 48ЧОБ субъекттери аныкталган. Патентти убагында узартуу мөөнөтүн өткөргөн 64, контролдук-кассалык машинанын жоктугу 12, контролдук-кассалык машинаны колдонбоо жана чек бербөө боюнча80 факт катталган.
Жогорудагы мыйзам бузуулар боюнча салык кызмат тарабынан 16 салык посттор коюлуп 231,3 миӊ сомго, 54 чарба субъектке 96,0 миӊ сом айып салынган.Шаар боюнча 207 салык төлөөчүлөр ККМ боюнча “Онлайн” системасын колдонот.
Салык төлөмдөрүн төлөөгө шарт түзүү жана тездетүү максатында шаар боюнча 33 банкомат жана 113 төлөм терминалдары, 33 терминал посттору колдонууга коюлган.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– ай сайын мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин салык жана салык эмес төлөмдөрүнүн баардык түрлөрүнүн жыйымдарынын планынын аткарылышын камсыздоо;
– салык калдыктарынын өсүшүнө жол бербөө  жана аларды  төмөндөтүүнү камсыздоо боюнча толук чараларды көрүү;
– бюджеттик уюмдардын насыялык карыздарын кыскартуу боюнча,  биринчи кезекте чыгашалардын корголгон беренелери боюнча зарыл чаралардын кабыл алынуусу.
– шаарда рейддерди жүргүзүү менен көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди улантуу;
– жергиликтүү бюджетке ашыкча түшкөн каражаттарды 2019-жылга социалдык-экономикалык план менен каралган социалдык долбоорлорду каржылоо.
 
КИРЕШЕЛЕР  ЖАНА  КАЛКТЫ  ИШКЕ  ОРНОШТУРУУ
Шаардагыорточо эмгек акы 2019-жылдын январь-май айлары боюнча 13442,7 сомду түздү, мында номиналдык өсүү ыргагы 102,9 % түздү.
2019-жылдын 1-июлуна карата Токмок шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгында жумушсуз 144адам катталган.Жумушсуздардын саны 23 адамга кыскарган (2018-жылы-167 адам).
Отчеттук мезгилдинбашынан тартып  менчигинин түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөрдөн 152 жумушчу адистиктер боюнча 79 бош жумуш орундарына сунуштар келип түшкөн.Социалдык өнүгүү башкармалыгы 48  ишканалар жана уюмдар, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташат.Отчеттук мезгилде 140адам жумушка орноштурулду (2018ж-160)кесиптик окууга 19 адам багытталган (2018ж.-30 адам.).
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– кадрлардын жетишсиздик көйгөйлөрүн жоюу жана кесиптик багытын алмаштыруу боюнча иштер керектүү сандагы адистерди окутууга тапшырыктарды аткаруу аркылуу жаңы ишканаларды ачууну эсепке алуу менен улантуу;
– жумушсуз адамдарды ишке мүмкүн болушунча көбүрөөк орноштурууга көмөк көрсөтүү.
 
КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК КОЛДОО
Токмок шаары боюнча мамлекеттик жөлөк пул алуучулар 1918 адамды түзөт(2018-жылы-1359 адам). Республикалык бюджеттен отчеттук мезгилде төмөнкүдөй каржыланды:
– мамлекеттик жөлөк пул 21,4 млн.  сом суммасына;
– акчалай компенсациялар  4,9 млн. сом суммасына.
– жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды төлөө боюнча карыздар жок.
Отчеттук мезгилде жеңилдик алуучу категориядагы  жарандар жана калктын аз камсыз болгон катмары жергиликтүү бюджеттен 1361,9 миң сомгокаржыланып, жардамды2862 адам алган.Бул көрсөткүч өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1010 адамга көбүрөөк ал эми242,3 миң сомго көбүрөөк  болгон (2018-жылы-1852адам/1119,6 миң сом). Анын ичинде:
– социалдык стипендия 369,6 миң сом;
– жол киреге компенсация 338,2 миң сом;
– көмүргө 178,1 миң сом;
– кайтыш болгон адамдарды коюуга 51,0 миң сом;
– арыз менен кайрылгандарга 156,0 миң сом;
– мүмкүнчүлүгү чектелгендерге материалдык жардамдар 260,5 миң сом;
– жоокер интернационалисттерге, жесирлерге 1232,0 миң сом.
– жана башка майрамдарга 125,9 миӊ сом.
Социалдык мейманкананын тейлөөсүнөн 41 адам колдонду, жайсыз адамдар үчүн “Түнөк” социалдык жардам борборунун тейлөөсүнөн 2 үй-бүлө,3адамколдонду.
2019-жылдын 1-жарым жылдын ичиндеТокмок шаары боюнча 1949 үй-бүлөгө/5865 адам социалдык паспорттору толтурулган.Жакырчылык деңгээли 9,4%түздү,төмөндөө 0,7 % деп белгиленди (2018-жылы-10,1%).Жакырчылыктын чегинен 37 үй-бүлө /146 адам чыгарылды(2018-жылы-13/39 үй-бүлө), же 24 үй-бүлөгө/107 адамга аз болгон).
2019-жылдын 1-июлуна карата ата-энесинин кароосуз калган 61 бала аныкталган, анын ичинде Республикалык адистештирилген балдар үйүндө -48, “Бейкут үйүндө”-13.Үй-бүлөгө  тарбиялоого 8 бала,жатак мекемелерине 5 бала берилсе, 9 балакароосуз калган деп каттоого алынган, камкоордука алынган 6 бала, үй-бүлөдөн ден соолугуна жана жашоосуна тикелей  коркунуч болгон 3 бала алынган.
Токмоктогу Кызыл Жарым айынын базасында 2019-жылдын май айында балдар үйүн бүтүрүүчүлөрү үчүн убактылуу кан берип турган 15 өспүрүмгө эсептелген Социалдык Борбоор ачылган. Бул борбор жеке ыктыяр каражаттын эсебинен уюштурулган, ремонт иштери жүргүзүлүп, эмеректер алынды. Балдар менен иштөө үчүнКызыл Жарым айынын социалдык кызматкерлери, психологдор, окутуучулар волонтерлор тартылат.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– муктаж болгондорго мамлекеттен жеңилдетилген баалар боюнча бөлүнүп жаткан биринчи керектелүүчү азыктарды даректүү жеткирүүнү кошуу менен көрсөтүлүп жаткан жеңилдиктер менен тейлөөлөрдүн түрүн жана сапатын кеңейтүү боюнча иштерди улантуу;
– өтө зарыл болгон жарандарга жана калктын аз камсыз болгон катмарына демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча ишти күчөтүү;
– мамлекеттик жөлөк пулдарды, жеңилдиктерди жана компенсациялардын өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылуу;
– социалдык өнүгүү башкармалыгында акчалай компенсация алуучулардын эсебинде тургандарды банктын карталык тармагына өткөрүү иштерин улантуу.
 
ПЕНСИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
2019-жылдын 1-жарым жылдыгынынжыйынтыгы боюнча пландагы  156,3 млн. сомдун ордуна, 156,3 млн. сом суммасында  камсыздандыруу төлөмү чогулду, аткаруу 100,0 % түздү.
Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу укуктарын өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду кийирүүгө байланыштуу карыздар боюнча маалымат жок.
Шаарда 6920 пенсионерлер жашайт, бир айлык пенсия  менен камсыздоо үчүн 38,5 млн. сом талап кылынат.
2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен пенсияларды төлөөгө 232,1 млн. сом (2018-жылы 220,2 млн. сом) каржыланган. Пенсиянын орточо көлөмү 5728 сомду түзөт. Пенсияны төлөп берүү боюнча карыздар жок.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдү толук көлөмдө  чогултуунун пландуу көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыздоо;
– пенсияны өз убагында  жана толук көлөмдө төлөп берүүнү камсыздоо  боюнча иштерди улантуу;
– камсыздандыруу төлөмүн жана төлөмдөрдүн карыздарын   кыскартуу боюнча иштерди  күчөтүү.
 
БИЛИМ БЕРҮҮ
Токмок шаарында баардыгы 13  мектеп, 6 мектепке чейинки билим берүү уюму, 1 балдар мененөспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборужана3 жеке мектеп иштейт.2018-2019-окуу жылынын башталышында 13 мектепте 16062 окуучуну камтыган 502 класстар комплекттелген.
Педагогикалык кадрлар менен 86,0% камсыздалган. Мектептерде 605 мугалим иштейт.Англис тили, математика, орус тили боюнча жана мамлекеттик тил сабактары, баардыгы 11 мугалимге талап бар. Китептер менен камсыздоо 94,5 % түзөт, анын ичинен орус тил 93,3%, кыргыз тил 95,6%.
2018/2019 окуу жылы 1716 окуучу бүтүрүп жатат, анын ичинен 521 окуучу 11 класстагылар.
Окуучулардын билим сапаты 4 чейректин жыйынтыгы боюнча 39,8 % түзгөн, билимдин сапаты 0,9% өскөн.Билим сапатынын өсүүсү № 2, 3, 5, 6, 7,8, 10 жана №11 лицейде белгиленген.
Окуу жылынын ичинде окуучулардын билим сапатын жана шыктуу балдардын алга умтулууларына түрткү берүү үчүн класстар арасында шаардык олимпиадалар өткөрүлгөн. Облустук олимпиадада Токмок шаары жалпы командалык эсепте 1-орунду ээлеп, 25 байгелүү орун, 58 балл алган. Анын ичинде: 1орун-13, 2 орун-8, 3 орун-4. Ал эми, республикалык олимпиадага катышкан биздин команда 3 байгелүү орун алган, анын ичинен 2 орун- 2, 3 орун- 1. Бул №9 орто мектептин, Токмоктогу Ж.Баласагын лицейининжана кыздар лицейинин окуучулары.
Шаардын билим берүү бөлүмү тарабынан окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча иштер улантылууда.

2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– билим берүү мекемелеринде окутуу-тарбиялоо процесстеринин жүрүшүнө, укук бузуулардын алдын-алуу,  педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу, санитардык-гигиеналык абалды сактоо иштерине дайыма көзөмөл жүргүзүүнү ж.б. камсыздоо;
– педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
– окуучулардын билим сапатын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
– окутуунун интерактивдүү усулдарын өркүндөтүү боюнча иштерди күчөтүү;
– демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын каражаттарын, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт фонддордун, гранттардын каражаттарын пайдалануу менен  шаардын билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу.

САЛАМАТТЫК САКТОО
2019-жылдын 1-жарым жылдыгынынжыйынтыгы боюнча 4602 адам ооруканага жаткырылган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 37 адамга көбүрөөк болгон (2018-жылы-4565), алардын ичинен жеңилдиктери бар адамдардын саны 61,4 % түзгөн.
Отчеттук мезгилде демографиялык кырдаал төмөнкү көрсөткүчтөрдүназайганы менен белгиленген: жалпы өлүм коэффициенти 0,3 % түзүп 183 адам болгон, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 201 адам болгон, жалпы калктын табигий өсүшү 0,2 % же 517 адам, былтыр 526 адам, төрөлгөндөрдүн көрсөткүчү 0,5% азайган, же 700  бала төрөлсө, мурунку жылы 727 бала төрөлгөн, кургак учук оруусу 7,2 %азайган, же 44 бала төрөлсө, мурунку жылы 48 бала төрөлгөн, спирт ичимдиктеринен көз карандылык фактылары 13,0% бул учетто турган 3 адам. Эне өлүмүнү боюнча, бруцеллез, сифилис, наркомания фактылар катталган эмес.
Ал эми көрсөткүчтөрдүн наристелердин өлүмү 7,5% түзүп , 11 адам болгон, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 6 адам болгон, коркунучтуу шишик оорулары 10,8%түзүп, 47 адам болгон, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 39 адам болгон жана жалпы оорулар боюнча былтыркыга салыштырганда 1178 адамга көбүрөөк болгон.
Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал отчеттук мезгилде төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жогорулаган:
– 30 окуя кызылча оорусу боюнча катталган (2018ж.-8) бул 22 окуяга өскөн;
– 76 окуя жугуштуу ичеги оорусу менен катталган (2018ж.-61), бул 15 окуяга көбөйгөн;
– 11 окуя ВИЧ-СПИД менен оорууган адамдар аныкталган (2018ж-9), бул 2 окуяга көбөйгөн;
Көрсөткүчтөрдүн азайышы төмөнкүдөй белгиленген:
– 43 окуя кургак учук менен ооругандар аныкталган жана каттоого алынган (2018ж-50 ), бул 7 окуяга азайган;
– 26 окуя сарык оруусу менен катталган (2018ж.-49), бул 23 окуяга  азайган;
– 70 окуя эндомикалык богок оорусу катталган (2018ж-140), бул 70 окуяга азайган;
– 71 окуя жаныбарлардын адамды тиштөөсү катталган (2018-ж-76), же 5 окуяга азайган;
– жугуштуу ичеги оорусунун 161 окуясы катталган (2018-ж- 168 окуя) 7 окуяга өсүү болгон.
Бруцеллез жана эхинококкоз оруулары боюнча каттоолор жок.
Кызылча жана жугуштуу ичеги орууларынын көбөйүшү Казахстан Республикасынан келгендердин эсебинен болгон.
Кызылча жана кызамык ооруларга каршы алдын ала 27 лекция, 788 аңгемелешүүлөр өткөрүлдү, “Меним шаарым Токмок – Мой город Токмок” газетасында 1 макала жарыяланган.
2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнчаоорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 156 объект текшерилген. 216 тамак-аш үлгүлөрү тандалып алынып, алардын 8 үлгүсү талапкадал келбегендиги белгиленген, же 3,7%.Ичүүчү суунун микробиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча 87 үлгү катары тандалып алынганданчеттөөнүн 15 учуру катталып,17,2%  түзгөн.
Санитардык-агартуу иштери боюнча 47 лекция окулду, 336 аңгемелешүүлөр өткөрүлдү, “Меним шаарым Токмок – Мой город Токмок” газетасында 5макала жарыяланган, радиоберүү 5 жолу уюштурулган.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– калкка сапаттуу медициналык  тейлөө көрсөтүү жана   оорулардын алдын алуубоюнча иштерди улантуу;
– калктын ден соолугун бекемдөө максатында туруктуу механизмдерди калктын катышуусунда биргелешкен иштерди активдештирүү;
– сапаттуу жардам менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
– мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүү;
– саламаттык сактоо объектилеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн гранттарды жана демөөрчүлүк жардамдарды тартуу боюнча иштерди улантуу.
 
МАДАНИЯТ
2019-жылдын 6-айдын ичиндешаардын Маданият бөлүмү тарабынан 90 дон ашык пландаштырылган иш-чаралар өткөрүлдү, анын ичинде 15  чоң иш-чаралар.
Отчеттук мезгилде Маданият бөлүмүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан маданий жана эс алуу иш-чараларыаткарылган:китеп көргөзмөлөрүнүн жанындагы маектер жана обзорлор, адабий-музыкалык кечелер, лекциялар, экскурсиялар, ошондой эле массалык чоң иш-чаралар.
Н.Байтемиров атындагы Маданият ордосунда “Баласагын”, “Бурана Ак элечек айымдары” фольклордук топтору, “Славянка” ардагерлер хору иштешсе, “Жаштык” элдик ансамбли, “Биримдик” бий ансамбли чыгармачыл бий жамааттары балдар арасында иш алып барышат.
Чыгармачыл топтор шаардык жана облустук маанидеги баардык иш-чаралардын активдүү катышуучулары. Учурда чыгармачыл топтор өз репертуарларын жаңыртуунун үстүндө иш алып барышууда.
2019-жылдын 6-айдын ичинде бекитилген план боюнча иш алып барылды, анын ичинде:
– 15-февралда борбордук аянтта Афганистандан чектелген аскер бөлүктөрүнүн чыгарылып кеткендигинин 30 жылдыгына арналган митинг өткөрүлгөн.
– 21-февралда 52806 “Скорпион” аскер бөлүгүндө  аскер кызматчылары үчүн майрамдык концерт өткөрүлгөн.
– 5-мартта Токмок шаарынын Султан Ибраимов атындагы борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун 27 жылдыгына жана Ак калпак менен улуттук кийимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөн.
– 7-мартта Токмок шаарынын мэриясынын чоң залында шаардык Маданият ордосунун кызматкерлери Эл аралык аялдардын күнү – 8-март майрамынын урматына майрамдык концерт коюшкан.
– 10-мартта шаардын Борбордук китепканасынын имаратынын алдында шаардын диаспоралары тарабынан салтка айланган Масленица майрамы уюштурулган.
– 21- мартта Султан Ибраимов атындагы шаардын борбордук аянтында Нооруз – 2019 майрамдык иш-чарасы өткөрүлгөн.
30-мартта 52806 “Скорпион” аскер бөлүгүнүн 25 жылдыгынын урматына шаардык Маданият ордосунун кызматкерлери жана “Жаштык”, “Биримдик” бий ансамблдеринин катышууларында майрамдык концерт уюштурулган.
15-апрелде Маданият ордосунда Рерихтердин Тянь-Шань коомунун “Рерихтин пакты. Тарых жана азыркы учур” көргөзмөсү салтанаттуу түрдө ачылган.
26-апрелде Чернобыль апаатында курман болгондорду эскерүү митинг-реквиеми өткөрүлгөн.
Иштелип чыккан иш-чаралардын жылдык планына ылайык Маданият ордосунун кызматкерлери тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чоң иш жасалган. 8-май күнү саат 10до “Боордоштор көрүстөнүндө” митинг-реквием, саат 18ден 21ге чейин Султан Ибраимов атындагы борбордук аянтта шаардын спортсмендери менен жаштарынын катышуусунда “Жылдыздуу эстафета” жүгүрүүсү жана шаарыбызда салтка айланып калган “Факелдик жүрүш” кыргыз эстрадасынын жылдыздары Самат Эркинбековдун, “Достор” тобунун мүчөлөрү Айнура Салахидинованын, Роза Шакированын, Азизанын катышуусунда өткөрүлгөн.
9-майда Султан Ибраимов атындагы борбордук аянтта мемориалдык комплекске гүл коюлуп, Өлбөс полктун жүрүшү (2 миңден ашуун адам) өткөн. Ага улай согуш темасына арналган ырлар ырдалып, концерттик программа шаардыктарга тартууланган.
17-майда Токмок шаардык мэриясынын чоң залында “Энелер күнүнө” арналган майрамдык концерт коюлган. Ага шаардын өзүнөн 200 энелер чакырылган.
24-майда – Балдарды коргоонун күнүнүн урматына Республикалык адистештирилген балдар үйүндө Маданият ордосунун кызматкерлери тарабынан кайрымдуулук концерти өткөрүлгөн.
30-майда Маданият ордосунун кызматкерлери тарабынан кайрымдуулук концерти жана театрлаштырылган оюн “Бактылуу балалык” балдар үйүнүн тарбиялануучуларына тартууланган.
1-июнда Султан Ибраимов атындагы борбордук аянтта шаардын балдары үчүн таңкы майрамдык оюн-зоок өткөрүлгөн. Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери шаардын балдары үчүн кол өнөрчүлүк искусствосу боюнча кеңири көргөзмө уюштурушса, Кызыл жарым Ай коомунун кызматкерлери тарабынан жалаң утуштуу лотерея ойнотулуп, кызыктуу мастер-класстар көрсөтүлгөн (таштарга сүрөт тартуу, шуру чогултуу, жиптерден шарларды даярдоо жана башкалар). Асфальтта сүрөт тартуу оюндары менен сынакка катышкандарга “Финка” банкы демөөчүсүнөн, ошондой эле Чүй-Токмок социалдык өнүгүү башкармалыгынын белектери тапшырылган.
Каникул башталгандан кийин, 15-июнда Маданият ордосунда 50/50 “Жылдыздар пародиясы” шоу сынагы өткөрүлгөн. Ага шаардын мектептери менен окуу жайларынын окуучулары катышкан.
28-июнда мэриянын чоң залында Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата Ардак грамоталарды, алкыш каттарды жана сыйлыктарды тапшыруу менен майрамдык иш-чара өткөрүлгөн.
Ал эми маданият объекттердин арасынын 2019-жылдын 6–айында шаардын Тарыхый Мекен таануу музейинде оңдоп-калыбына келтирүү иштери (тосмосу) 140,8 миң сомго оңдолгон.
Борбордук китепканалар тармагы боюнча бүгүнкү күндө маданият мекемелеринин ар кандай пайдалануучулары үчүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга адабиятты пайдаланууга эркин мүмкүнчүлүк жана Борбордук китепканада, Маданият ордосунда, Тарыхый Мекен таануу музейинде WI-FI эркин аймагы бар.
Мындан сырткары Борборлоштурулган китепканалар тармагында Интернетке коомдук кирүү мүмкүнчүлүк борбору иштейт.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– мазмундуу фестивалдарды, кароо-сынактарды, көргөзмөлөрдү ж.б. иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кесиптик аткаруучуларды тарбиялоо менен шаардыктардын жалпы көркөм-чыгармачылыгын мындан ары өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу;
– калктын көп бөлүгүн камтыган кызыкчылыктары боюнча клубдардын, ийримдердин санын кеңейтүү боюнча иштерди улантуу;
– шаардагы өткөрүлүүчү  жалпы-маданий жана эс алуу иш-чараларынын сапатын жогорулатуу.
 
ДЕНЕ ТАРБИЯСЫ ЖАНА СПОРТ
2019-жылдын 6-айдын ичинде Токмок шаарынын Дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан бекитилген иш жана календарлык планга ылайык белгилүү даталарга жана майрамдарга байланышкан14 спорттук-массалыкиш-чаралар өткөрүлдү.
2000 ашык шаардын тургундарыспорт секцияларында машыгышат. Шаарда спорттун 21 түрү боюнча ийримдер иштейт.
Шаардын спортчулары 2 эл аралык, 1 республикалык, 7 шаардык турнирлерге катышышкан. Анын ичинен:
– “Ата-Мекенди коргоочулар” күнүнүн  урматына Токмок шаардык мэриясынын сыйлыктарына кичи-футбол боюнча Эл аралык мелдеш;
– Токмок. шаарынын мэринин Кубогу үчүн кулатуу боюнча Эл аралык ачык  мелдеш;
– “Ата-Мекенди коргоочулар” күнүнө жана Ооган жергесинен Советтик  аскерлердин чыгарылышынын 30 жылдыгына карата, стол үстүндөгү теннис боюнча республикалык мелдеш;
Ошондой эле шаар боюнча футзал, бокс, волейбол, армрестлинг, аркан тартыш мелдештери өткөрүлгөн.
Токмок шаарынын мыкты спортчулары Кыргыз Республикасынын курама командасы менен бирге Дүйнөлүк жана Азиянын чемпионаттарына жана Эл аралык мелдештерге  катышып байгелүү орундарды ээлешүүдө Алар:
Усеналиев А., Эрмекова А, Качкынова А., Дүйшөнбекова М., Жаркынбаева Н., Нажимидинов Ш.,Орозбеков А., Климов А.,Туратбеков Ч., Сеитбеков Б., Муканбетов А., Браун В., Арстанбеков М., Толкунов С.,Сеитбеков Б.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– бир катар жалпы билим берүү мектептеринде, атайын орто окуу жайларында жана башка мекемелерде  дене тарбия жана спорт боюнчажаңы секцияларды түзүүнү улантуу;
– тургундар арасында жалпы чуркоо, спорттук үй-бүлөлөр, короолор командалары арасында  мелдештер, мектептердин жана мекемелердин ар түрдүү турнирлери  катары кеңири маалым болгон массалык дене тарбия жана ден соолугун чыңдоочу иш-чараларды өткөрүү боюнча иштерди улантуу.
 
МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БАШКАРМАЛЫГЫ
2019-жылдын 6-айдын ичиндеТокмок шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын киреше бөлүгү 127,3% аткрылды, же бекитилген пландагы4481,5 миң сомдун ордуна иш жүзүндө 5700,3 миң сом түшүп,бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1066,1 миң сомго көбүрөөк болгон (2018-жылы-4634,2 миң сом).
Жерлерди ижарага берүү бөлүгү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 123,5% түзүп, пландагы 2973,8 миң сомдун ордуна 3673,9миң сом түшкөн (2018-жылы-3547,9миң сом),же 126,0 миң сомго көбүрөөк түшкөн.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн муниципалдык жайларды, имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү боюнча бөлүгү 107,6 % аткарылды, пландагы 647,5 миң сомдун ордуна, иш жүзүндө 696,9 миң сом түштү, же 63,4 миң сомго көбүрөөк түшкөн.
Жеке менчикке 7 жер тилкеси 1023,8 миң.сомго түзүлгөн. Ижарага  40 келишим  947,8  миң сомго түзүлгөн.Ошондой эле, мезгилдүү мөөнөткө 38 жер тилкеси 1168,8 миң сомго ижарага келишим түзүлгөн.Турак жай эмес бөлмөлөрүн ижарага берүү боюнча 44 келишим 2001,0 миң сомго түзүлгөн.
Чектерди аныктоо боюнча 24 жолу комиссиялык чыгуулар жүргүзүлгөн.
Отчеттук мезгилде  Токмок шаардык курулуш жана жерди пайдалануу комиссиясынын 6 отуруму өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык 84 ар кандай мүнөздөгү маселелер каралды.
«Булак» жана  «Мүрөк» базарларынын аймагында шаардын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан башаламан сооданын алдын-алуу,тартипти калыбына келтирүү боюнча биргелешкен иштери улантылып жатат.
2019-жылдын 5 айынын ичинде мамлекеттик сатып алуу бөлүмү менен 5 долбоор даярдалган, анын ичинен 3 негизги долбоор жана кошумча 2 долбоор даярдалган, анын ичинен 4 долбоор  Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин  комиссиясы тарабынан колдоого алынган, алар:
– Токмок шаарынын Чокморов кѳчѳсүнүн  жол тѳшѳмүн оӊдоо жумуштарын сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү. Келишим «Технотоп» ЖЧКсы менен жалпы 3 595 608  сомго түзүлдү.  Анан ичинен  Республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) грант   катары    2 674 692 сом  акча каражат бөлүндү.  Жалпы толук асфальттоо боюнча жумуш иштери 940 метр түзѳт.
– Токмок шаарынын Гагарин кѳчѳсүнүн (Санэпидемстанция имаратынан Парковая кѳчѳсүнѳ чейин) тротуарын оӊдоо жумуштарын сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү. Азыркы учурда жеӊүүчүнү аныктоо боюча иштер жүргүзүлүп жатат.
– “Токмок шаарынын 3 –кичирайонундагы, Чүй – Дан – Азык бала бакчасын  капиталдык оӊдоо” жумуштарын сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү. Азыркы учурда келишим «Амал НТ» ЖЧКсы менен жалпы 5127044 сомго түзүлүүдѳ.
– Токмок шаарынын №4 башталгыч орто мектебинин имаратын (эшиктерин жана терезелерин алмаштыруу)  оӊдоо боюнча жумуштарын сатып алуу боюнча сынакөткөрүлдү. Азыркы учурда келишим «Пегас Сервис Компани» ЖЧКсы менен жалпы 2529209 сомго түзүлүүдѳ.
 
Жолдор боюнча:
Токмок шаарынын кѳчѳлѳрүнүн  асфальт жол тѳшѳмүн оӊдоо жумуштарын сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү.  Келишим «Юждорстрой» ЖЧК сы менен 2 158 786 сом жалпы баага түзүлдү. Жумуш иштери  17 кѳчѳдѳ аткарылат, анын ичинде 1 728 кв. м чуңкурларды оӊдоо иштери жана 1 560 кв. м  жарым-жартылай толук асфальттоо жумуштар: С. Ибраимов (430 кв. м), Дунларов (50 кв. м), Шамсинский (90 кв. м), Советский (160 кв. м), Гагарин (110 кв. м), Ленин (370 кв.м), Слободской (18 кв. м), Киргизский (21 кв. м), Победа (12 кв. м), 22 партсъезд (30 кв. м), Фрунзе (80 кв. м), Космонавт (45 кв. м), 50 лет Киргизии (174 кв. м), Орозбеков (14 кв. м), Мира (90 кв. м), Токмакский (14 кв. м), Дзержинский (20 кв. м) кѳчѳлѳрүндө өтөт. Жумуштун ичинде сууну агызуучу  8 түтүктѳр каралган. Азыркы учурда жумуштар 50% аткарылды.
Токмок шаарынын кѳчѳлѳрүнүн жол таманын оӊдоп — түзѳѳ (майда таш, кум тѳгүү) жумуштарын сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү. Келишим «УСМ — 4» АК менен1 208 050 жалпы баасына түзүлдү. Жалпы 108 372 м2 жумуш иштери 19 кѳчѳдѳ аткарылат, анын ичинде:Речной (407 м), Маяковский (659 м), Набережный (3 040 м), Некрасов (624 м), Рахматулин (715 м), Болебалаев (2 943 м), Охотничья (2 344 м), Островной (955 м), Токтогул (826 м), Куйбышев (1 601 м), Киргизский (443 м), Веселый (188 м), Челюскин (178 м), Красный (697 м), Фурманов (687 м), Моторный (283 м), Казахстанский (485 м), Токмакский (622 м), Шолохов (365 м) кѳчѳлѳрү. Азыркы учурда жуштар аткарылып башталды.
– Токмок шаары боюнча долбоорлоруна ылайык 11 комплект балдар аянтчасын даярдоо жана орнотуу боюнча жумуш иштерин сатып алуу боюнчасынак өткөрүлдү. Азыкркы учурда келишим  “Агынай строй сервис” ЖЧКсын менен 2090627 жалпы баасына түзүлүүдѳ.
– Токмок шаарынын Гагарин кѳчѳсү 79 дарегинде жайгашкан бала бакчасын ачуу максатында “Кридский Виктор Петрович” ЖИ менен жумушчу долбоорун иштеп чыгуу кызматына келишим түзүлгѳн. Азыркы учурда техникалык шарттар мекеме уюмдар менен иштелип жатат.
– Токмок шаарынын №11 жылпы билим берүү техникалык мектеп — лицейинин сырткы жылуулук трассасын оӊдоо жумуштарын сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү. Азыркы учурда жеӊүүчүнү аныктоо боюча иштер жүргүзүлүп жатат.
– мектепке чейинки билим берүү  мекемелерге 6 ноотбук сатып алууга сынагы ѳткѳрүлдү. Келишим 118818 сомготүзүлүп ноотбуктарсатып алынды.
– Токмок шаарынын Тоголок Молдо,28/61 көчөсүндө жайгашкан бир бөлмөлү (кызматтык) батирди оңдоо боюнча сынагы өткөрүлдү. Келишим  “Улуу Курулуш” ЖЧКсы менен  88808 сомго түзүлдү. Азыркы учурда жумуштар толук аткарылды.
– Токмок шаарынын район аралык каттоо экзамендик бѳлүмүнүн  имаратын капиталдык оңдоо боюнча жумуш иштерин сатып алуу боюнча сынак ѳткѳрүлдү. Келишим “Мегастрой Кж” ЖЧКсы менен  түзүлдү. Азыркы учурда жумуштар 75% аткарылды.
– Мамлекеттик сатып алуулар бѳлүмү тарабынан “Токмок шаарынын 1 – кичи районундагы, Фрунзе көчөсүнө жол чырактарын орнотуу” боюнча жумуштарын сатып алууга сынак өткөрүлдү. Азыркы учурда жумуштар 80% аткарылды.
– С.Ибраимов – Дубовицкий кѳчѳлѳрдүн кесилишине светофордук объектти орнотуу максатында долбоорду иштеп чыгуу кызматы сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү. Келишим “Архипринт” ЖЧКсы менен түзүлдү. Азыркы учурда долбоор иштелип бүтүрүлүүдѳ.
Эл жана турак жай фондунун каттоого даярдык кѳрүү жана ѳткѳрүүдѳ, Токмок шаарынын кесилиш кѳчѳлѳрүнѳ аталышы менен үйдүн номери кѳрсѳтүлгѳн алюкабонддон 1500 миӊ кѳчѳ такталарын даярдоо боюнча сынагыѳткѳрүлдү. Келишим «Комсер» ЖЧКсы  менен түзүлгѳн. Азыркы учурда жумуштар аткарылып жатат.
– Токмок шаарынын кире бериш жана чыгыш жолдоруна жарыктандыруу боюнча топографиялык съемкалар жасалып жатат.
Токмок шаардык мэриясынын 2019-жылдын 18-февралындагы №19-б буйругунун негизинде, Токмок шаарындагы башаламан мыйзамсыз күйүүчү майлоочу материалдарды сатууну   жоюу боюнча иш- чараларды өткөзүп   жатат. Токмок шаардык мэриясынын 2019-жылдын 8-майындагы №61-б буйрумасынын негизинде Токмок шаарындагы муниципалдык жерлерди мыйзамсыз басып алуу,  кызыл сызыктынсыртына куруу фактыларын аныктоо боюнча иш жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө  Мамлекеттик экотехинспекцияга тиешелүү чара көрүү үчүн 4 факты боюнча кат жөнөтүлдү.
2019-жылдын апрель айында Чүй району мененТокмок шаарынын аймактарында(пилоттук) калкты жана турак-жайды үлгү катары каттоо өткөрүлгөн.Шаардын административдик-аймактык чектерин аныктоо боюнча иш жүргүзүлүп, көчөлөрдүн аталыштары жана үйлөрдүн номерлерижазылган1500 даанада көрнөктөр даярдалып, шаардын планынын схемалары сатылып алынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасы боюнча 42 адам катталган. Турак үй куруу үчүн жер тилкесин алууга 36 адам арыз берген,21 адам жеңилдик кезегинде турат.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– Токмок шаарынын аймагындагы коллектордук-дренаждык тармакка укук берүүчү документтерди каттоо боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте  иштерди улантуу;
– муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик каттоо боюнча иштерди улантуу;
– бекитилген долбоорлор боюнча тендер жарыялоо иштерин аяктоо;
– борбордук базардагы башаламан сооданы жок кылуу боюнча иштерди улантуу;
– Токмок шаарынын Өнүгүү программасына ылайык пландалган долбоорлор боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну улантуу;
– Шаардын Башкы планына тиешелүү гидрогеологиялык изилдөө жана топосъемка жасоо боюнча материалдарды даярдоо иштерин улантуу;
– турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүүгө тизмени тактоо боюнча  иштерди улантуу.

ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБАСЫ
Токмок шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасында инженердик- техникалык тармактарды оңдоп-түзөө, кайрадан куруу, коммуникацияларды кеңейтүү, тиричилик фондун кармоо жана оңдоп-түзөө боюнча иш-чаралардын программасы жүзөгө ашырылууда.
Бүгүнкү күндө шаардын турак жай фондун кармоо жана тейлөө менен 50 ТЖМЭШ, 1 «ТЖЭУ» МИ, 1 «Жилсервис» ЖЧК жана Аскер шаарчасынын үй башкармалыгы иштейт.
Отчеттук мезгилде Коммуналдык ишканалар комбинаты тарабынан таштандыларды чыгаруу боюнча көрсөтүлгөн тейлөөлөрү үчүн дебитордук карыздарды жоюу боюнча иштер өткөрүлгөн.
Бардык кыйынчылыктарга карабастан, коммуналдык кызматтар жашоонун бардык ченемдерине жана параметрлерине тиешелүү көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн өз убагында аткарылуусун жана сапаттуулугун камсыздоодо.
2019-жылдын 1-июлуна каратадебитордуккарыздар:
– «Токмок жылуулук менен камсыздоо ишканасы» МИ боюнча12,1млн.сом, анын ичинде калк9,7 млн.сом.Андан тышкары 1996-жылдан бери кайтарымсыз карыздар 26,0 млн.сомду түзөт. Мурунку жылдын ушул мезгилине караганда дебитордук карыздар 47,1 %азайган, бул жергиликтүү бюджетен бюджеттик ишканалардынкарыздарын жабылганына байланыштуу болду;
“Токмок Жылуулук” МИ боюнча 37,9млн.сом (25,7 млн.сомсубсидиянын эсепке алганда), анын ичинде калк 1,6 млн.сом.Мурунку жылга караганда жалпы дебитордук карыз субсидияны эсепке албаганда 3,9%  азайган. 2019-жылдын 1-июлуна «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына насыялык карыз 49,3 млн.сомду түзөт.
– «Токмок Водоканал» МИ боюнча 8,8 млн.сом, анын ичинде калк 6,2 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 13,0 % азайган.
– Токмок РЭТ боюнча 15,6 млн.сом, анын ичинде калк 5,1 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 33,3% өскөн.
– Коммуналдык ишканалар комбинаты боюнча- 8,2 млн.сом, анын ичинде калк–7,4 млн.сом, мурунку жылга салыштырганда дебитордук карыз 2,5% өскөн, же 212,1 мин.сомго.
“Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча 2018-жылдын декабрь айында ЕӨБ тарабынан долбоор “натыйжалуу” деп жарыяланган.Долбоорду ишке ашыруу башталды. Тендерди утупалган “Хаят Групп” компаниясы менен унаа каражаттарын сатып алуугакелишим түзүлүп, атайын 10 даана унаадан 10 унаа жеткирилди. Азыркы учурда утуп алган компания менен юридикалык башкаруу жана техникалык жактан келишим түзүү иштери жүргүзуп жатат.
2019-жылдын мартында тендер өткөрүлүп. «Автомаш-радиатор» ЖЧКсы тендерди утуп алды.Келишим түзүлүп: 18,5 кубтуу көлөмүү бар 2 таштанды ташуучу унаа 6740,0 миӊ сом, жана 2 трактор: 1 грейфер, 1 кичи трактор жалпысынан 3225,0 миӊ сомго жеткирилди.
Азыркы учурда “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасын “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүү боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунда.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– “Токмок жылуулук менен камсыздоо” мамлекеттик ишканасы жана “Токмок Жылуулук”  муниципалдык ишканасы тарабынан 2019-2020-жылдардын күзгү-кышкыжылуулук берүү мезгилине Токмок шаарынын турак-жай фондун, социалдык инфраструктура объектилерин оӊдоо иштерин улантылсын;
– “Токмок Водоканал” МИ тарабынан «Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун реабилитациялоо” долбоорунун ишке ашуусуна толук көмөк көрсөтүү;
– “Токмок Жылуулук”муниципалдык ишканасын “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүү боюнча иштерди улантуу;
– Коммуналдык ишканалар комбинатыдебитордук карыздардын деңгээлин кыскартуу боюнча даректүү иш алып баруу менен соттук тартипте карыздарды кайтаруу тажрыйбасын колдонуусу жана  жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтарды чагылдыруусу.
 
КӨРКТӨНДҮРҮҮ
Отчеттук мезгилде шаардагы сугат тармагын калыбына келтирүү жана жашылдандыруу, ыңгайлаштыруу жолдорду, автоунаа  жолдорун кышында тейлөөгө, кар күрөөгө жана тайгактын алдын-алуугабагытталган иштер, көчөлөрдүн жарыгын сактоо, санитардык тазалоо боюнча иш-чаралар аткарылган.
2019-жылдын 1-жарым жылдын жыйынтыгы боюнчашаарды көрктөндүрүү боюнча иштердин жалпы көлөмү 22,5 млн. сомду түзгөн.
Шаар боюнча баардыгы 33,1 миң кубометр таштанды чыгарылган. 46 чакан таштандылар жоюлуп 3,9 миң кубометрташтанды чыгарылды. Жазгы ишембиликтерде шаардын аймагын тазалоодокошумча 2,2 миң кубометр таштанды чыгарылган.
Күлзар (цветник)  сугат тармагы калыбына келтирилди.
101 түпдекоративдүү (73 ийне жалбырактуу жана 28 башка сорттогу), 4000 түп декаративтүү тосмолор жана 15000 түп күл көчөттөр тигилди. 644 бак-дарактар буталган жана 947 түп декаративтүү бактардын көчөттөрүн даярдалып отургузганы берилди.
Сугат суусун алуу үчүн 8,2 км. арык тутумутазаланды жана оңдолду.Жаныбарлардын кутурма оорусунун алдын алуу максатында 1115 жолбун иттер атылган.
Шаардын көчөлөрүндөгү жарыктандыруучу 1258 шамды жана 8светофорду оң абалда кармап туруу боюнча туруктуу иш жүргүзүлгөн. 2019-жылдын май аыйында кошумча 63 шам тейлөөгө берилди.
Жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздоо үчүн 29 жол белгилери орнотулуп, 7 си оӊдолуп 20сы орнотууга даярдалды, 565 м2 жол белгилери чийилди.
Ошону менен бирге газондорду жана декаративтүү тосмолорду кыркуу, күл отургузууга жерди даярдоо жана борбор аянтын майрамдарга даярдоо иштери алпарылды.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– шаарды көрктөндүрүү,инфраструктурасын реконструкциялоо, башаламан таштандыларга жол бербөө жана келишимдеги милдеттерге ылайык  тиричилик таштандыларын өз убагында чыгаруу иштерининсапаттуу аткарылышы боюнча иштерди улантуу;
– шаардын ТЖМЭШтери, АКӨБдөрү менен келишимдеги милдеттенмеге ылайык иштин аткарылышы;
– үйлөрдүн айланасында санитардык ченемдерди сактоого катуу көзөмөл  жүргүзүү;
– таштандыларды чыгаруу үчүн акы өз убагында чогултулушун камсыздоо.
 
ӨКМ
Токмок  шаары боюнча ӨК бөлүмү  тарабынан 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынабекитилген Жарандык  коргоонуунун даярдоо планына ылайык иштер жүргүзүлдү.
2019-жылдын 18-январында секундасында 26метр болгон ылдамдыктагы катуу шамалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын2019-жылдын 19-январындагы № 2-б буюрмасына ылайык өзгөчө кырдаал жарыяланган.Материалдык зыян 667,8 миң сомду түзгөн, адамдар жабыр тарткан эмес. Материалдык жабыр тарткандарга жергиликтүү бюджеттен 93 шифер бөлүнүп берилген.
Токмок шаардык мэриясынын 2019-жылдын 18-январындагы №4-б буюрмасы менен Шамшы дарыясында жана «Осмон» алышта жаз жана жай мезгилинде ташкын суулардын жана кыян жүрүшүнүн алды-алуу боюнча  иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында,  «Кыргыз-Тоо-Таш» ААКтын, «Интергласс» ЖЧКнын,  «Жылуулук менен камсыздоо» ТӨБдүн, «Железобетон» АКтын, «Чуй-Гласс» ЖЧКнын жетекчилери тарабынан «Осмон» алышта жайгашкан  темир жол өтүүчү көпүрөлөрдүн астын  жана   алыштын нугун тазалоо жана тереңдетүү боюнчаиш-чаралар  өткөрүлдү. «Осмон» алыштын 800 метрузундуктагы бөлүгү тазаланды.
2019-жылга Токмок шаарынынЖарандык коргоонун бекитилген Даярдык планына ылайык, чарба жүргүзүүчү объектилер менен окуу жайларынын жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү коркунуч менен өзгөчө кырдаал жаралышынын шарттарында даярдыктарын жогорулатуу максатындаыкчам даярдоо төмөнкү иш-чаралар өткөрүлүп «Канааттандырарлык» деген баа берилген. Анын ичинен:
– комплекстүү машыгуу боюнча “Ток-Кож” жоопкерчилиги чектелген коомунда, Жарандык коргоо кызматынын медициналык тейлөө жана медициналык колледжинде өткөрүлгөн;
– объекттик үйрөтүү “Виватекс” Жчксында жанаРеспубликалык маданият колледжинде өткөрүлгөн;
– Токмок шаарынын “Булак” борбордук базарында жана МУЦА унивеситетинде өрт өчүрүү боюнча тактикалык машыгуусу өткөрүлгөн;
– Токмок шаарынын коммуналдык-техникалык тейлөө кызматы менен атайын окутуу өткөрүлдү;
– «Өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунуч шарттарында (Жарандык коргоо кызматы) башкармалыктардын пункттарынын өздүк курамдарынын иштерин уюштуруу» темасында штабдык машыгуу өткөрүлгөн.
2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Токмок шаарынын аймагында  38 өрт чыгып, материалдык чыгым 3,5миллион сомду түзгөн. Былтыркы ушул эле мезгилине салыштырганда (59) 21 окуяга азыраак болгон, бирок 1,8 млн.сомго материалдык чыгымкөбүрөөк болгон.
Өртко карша алдын ала иш-чаралар өткөсүлүп, жергиликтүү бюджеттен 27,0 миӊ сом бөлүнүп буклеттер жасалып таратылды. Андан тышкары
Өрттүн алдын алуу максатында 18290 адамды камтыган 2803 нускамалар уюштурулган жана өткөрүлгөн. Уюмдарда 2000 адам катышкан 9 лекциялар окулган.
Ошондой эле ачык көлмөлөрдө жана дренаждарда  эс алуучулар менен түшүндүрмө иштери жүргүзүлүп жатат.Сүуга түшүүгө уруксатсыз жерлерге эскерме 17 жазылмалар коюлган2 баннер «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолунда2 банер коюлган.
Өрттүн алдын алуу максатында 42 материалдар даярдалып чыгарылды,радиого138 кайрылма,СТВ телеберүүсүнө  16 сюжет берилди.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө мониторингди туруктуу негизде жүргүзүү;
– жазгы-жайкы өрт чыгуу коркунучу мезгилинде алдын алуу иштерине көзөмөлдүк иш-чаралары күчөтүлүүсү.
– жайкы мезгилинде сууга түшүү эрежелерин сактоо максатында алдын алуу иш-чаралары көрүлсүн.
 
УКУК КОРГОО
Токмок шаардык ИИБ тарабынан  укук бузуулардын жана кылмыш иштеринин алдын алууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн негизинде, жашы жете электер тарабынан жасалган  укук бузууларын  алдын алуу, көчөлөрдөгү кылмыштуулук жана уурулук, диний экстремизм менен күрөшүү чаралары, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгондорду  издөө туруктуу негизде ишке ашууда, баңгизат бизнеси менен күрөшүү боюнча, экономикалык кылмыштуулуктар, жемкорлуктун көрүнүштөрү менен иштер жүргүзүлүүдө, шаардыктардын коопсуздугу жана коомдук тартип камсыз болууда.
2019-жылдын январь айынан тартып шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 602 токтомуна ылайык (ЕРПП) кылмыштарменен жоруктардын бирдиктүү реестри мамлекеттик системасынын иштеши жүзөгө ашырылып жатат.
2019-жылдын 1-жарым жылдын ичинде 622 кылмыш катталган, анын ичинен 490 кылмыштын бети ачылган,көрсөткүч 78,6%түзгөн, 132 кылмыштын бети ачыла элек.
Жоруктар боюнча 360 факт катталган, анын ичинен 287 же 80,0% ачылган, 73 факты ачыла элек.
Кылмыш иликтөө багытында 472 факт болуп, анын ичинен 324 ачылган (68,6%), 148 ачыла элек. Анын ичинен: оор жана өзгөчө оор кылмыштуулуктун  саны 32 болсо,анын ичинен 30 кылмыштын бети ачылган (93,7%), 2 кылмыштын бети ачылбай турат.Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын арасында:  адам өлтүрүү 3,ачылганы 3 факты ачыла элек.Зордуктоо боюнча 6 кылмыш, ачылганы 5 факт, 1 ачыла элек. Тоноо 3, ачылганы 3. Уурулук фактысы 13, иштин  ачылганы 12, ачыла элек 1.Батирлерди уурдоо 28, ачылганы 11, 17 фактысы ачыла элек. Чөнтөктөнуурдоо боюнча 51 кылмыш, 13 фактынын бети ачылды, 38 факты ачыла элек.Мал урдоо 3 факт, ачылганы 2, ачыла элек 1 факт.
Автоунаа урдоо 2 факты катталган, 1 фактынын бети ачылды, ачыла элек 1 факт. Алдамчылык боюнча 203 факты катталган, 170 фактынын бети ачылды, 33 факты ачыла элек.
2019-жылдын 1-жылдынжыйынтыгы боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүчү тобу тарабынан (СБНОН) 11 факты аныкталган, анда  кылмыштуу жүгүртүүдөн отчеттук мезгилде 1225 гр. баңги заты алынган, мурунку жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 270 гр.(гашиш, марихуана) азыраак баңгизат аныкталган.Кылмыш жообуна 3 адам тартылган.
Улут аралык жаңжалдардын алдын алуу боюнча 21 лекция окулду. Сирия өлкөсүнө алдануу жолу менен 6 адам чыгып кеткен.
Токмок шаарынын ИИБ ЖККБ тарабынан 2111 жол кыймылынын эрежелерин бузуулар катталган.Жаш өспүрүмдөрдүн катышууу менен 9 окуя болуп 14 бала жаракат алган.
Жол кырсыктар боюнча 33факт катталып, 4 адам каза болгон, 56 адам жаракат алган. Былтыркыга салыштырганда 5 фактыга көбүрөөк катталган, каза болгондор 1 адамга азыраак болгон.
 
2019-жылдын алдыдагы мезгилинде аткарылуусу зарыл:
– жасалган кылмыш  иштерин ачууда  жана  аныктоодо иликтөө жана ыкчам  топторунун иштерин жандандыруу;
– жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча ишти жандандыруу;
– укук бузуулардын алдын алуу боюнча жана ушул максатта үгүттөө жана үйрөтүү иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди күчөтүү;
– окуу жайлардын, уюмдардын, мекемелердин жамааттары аркылуу коомдо сабырдуулукту тарбиялоо боюнча иштерди жандандыруу.
 
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ
2019-жылдын 6 айында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасына ылайык Токмок шаардык мэриясы мамлекеттик тил боюнча шаардагы орто жана жогорку окуу жайларынын ортосунда планда көрсөтүлгөн иш-чаралардын негизинде иш алып барды. Алардын арасында:
– “Тилим—жаным” аттуу Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган майрамдык иш-чара уюштурган.
– 3-мартта Кыргыз Республикасынын Туу күнү, 5-мартта “Ак калпак жана улуттук кийим күнү” Токмок шаарынын Борбордук аянтында салтанаттуу түрдө белгиленген.
– 21-март-“Нооруз” майрамын шаардын баардык орто жана жогорку окуу жайлары белгилешти. 19-мартта Республикалык маданият колледжи “Нооруз” майрамына жакшы даярдык менен келишкен. Студенттердин эң жогорку чеберчиликте аткаруусундагы кыргыз элинин гана эмес Нооруз майрамын белгилеген башка улуттардын чыгармалары да аткарылды. “Кызга сөйкө салуу”, “Келин алуу”, “Бешик той” салттары бирин-бири улай аткарылды. Андан сырткары окуу жай талапка ылайык жасалгаланган, кыргыз элинин макал-лакаптары, учкул сөздөр көрүнүктүү жерлерге илинип коюлган,  лозунгдар жазылып илинген.
Ушул эле күнү медициналык колледждин жамааты “Нооруз—2019” майрамын белгилешти. Колледждин мугалимдер жамааты тарабынан даярдалган “Сармерден” оюну эң кызыктуу өттү. Мугалимдер эки топко бөлүнүп, “Сармерден” оюну аркылуу көркөм окуу, макал-лакап, табышмак айтуу боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү. Улуттук тамак-аштардын ар кандай түрлөрүн мугалимдер өздөрү даярдап дасторконго коюшкан.
2018-жылда Токмок шаардык мэриясынын, Муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык кеңештин, Каржы башкармалыгынын жана шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн, Салык кызматы менен Социалдык өнүгүү башкармалыгынын 68 кызматкери  Кыргызтесттен өтүп келишкен. Азыркы учурда тесттен ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге тиешелүү сертификаттарды тапшыруу аяктоодо.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу улуттук комиссиясынын Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата “Сабаттуу бол”акциясын өткөрүү демилгесин аткаруу үчүн Токмок шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы акцияга активдүү катышты. Шаар боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, жогорку, орто окуу жайлары, мектеп жана бала бакчалардын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдун өкүлдөрү, өз каалоосу менен келип катышкан жарандар жат жазуу ишин жазышты. Жат жазуунун жыйынтыгы 15-майда Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына тапшырылды.
Республикалык “Сабаттуу бол” акциясын натыйжалуу өткөрүү үчүн шаардык мэриянын 2019-жылдын 13-майындагы №63-б буюрмасына ылайык жат жазууну эң мыкты жазгандарды сыйлоо үчүн 50 000(элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берген. Акцияга катышкандарды сыйлоого усулдук жана көркөм адабияттарды, грамоталарды алууга тендер жарыяланган. Тендерди Бишкек шаарындагы “Рарирет” китеп дүкөнү утуп алып, усулдук жана көркөм адабияттар, грамоталар шаардагы мэрияга жеткирилип берилген. Өкмөттүн Чүй облустук Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан акциянын жыйынтыгы алынса эле мыктыларды сыйлоо үчүн белектер даяр.
Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата шаар боюнча башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларынын, коомдук мекеме уюмдардын  көрүнүктүү жерлерине улуттук дөөлөттөрдү даңктаган таалим-тарбия багытындагы учкул сөздөрдү илүү тапшырмасы берилген. Берилген тапшырмалар аткарылып жатат.
 
2019-жылы төмөндөгү иш-чаралар зарыл:
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө”  Мыйзамынын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун аткарылышы так көзөмөлгө алынуусу;
– кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окуу курстарында кызматкерлерди окутуу жүргүзүлүүсү жана улантылуусу.
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди керектүү деңгээлде билүүлөрү боюнча тесттерди тапшыруу үчүн окутуу курстарына катышуу так уюштурулуусу;
– Токмок шаарынын аймагындагы соода, коомдук тамак-аш түйүндөрүнүн, ишкана,уюм жана мекемелердин алдындагы көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде жазылышын көзөмөлгө алуу;
– Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында  мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата шаардык деңгээлде иш-чара уюштуруу.
 
КАТТАР, ДАТТАНУУЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ ЖАНА АТКАРУУ ТАРТИБИ
2019-жылдын 1-жарым жылдыгында 516 арыздар жана кайрылуулар каралды, бул мурунку жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 49 гекөбүрөөк. Алардын ичинен 127 оң чечилди, 328 кайрылууларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, 45 кайрылууну аткаруудан баш тартылды, 16 кайрылуу аткарууу иретинде турат.Анын ичинен:Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан4,Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн аппаратынан 3 кайрылууга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан 17, КР Жогорку кенештен -4, Акыйкачыдант 2.
Электрондук кайрылуулар боюнча 20 арыз түшкөн.
2019-жылдын 1-жарым жылдыгында  “Ишеним телефону 146” кызматына  4445 чалуулар  болгон, бул мурунку жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3082 ге көбүрөөк.Анын ичинде социалдык маселелер боюнча 69, коммуналдык маселелер боюнча 3569 чалуулар болгонжана башка маселелер боюнча 807 чалуулар. Баардык кайрылуулар боюнча түшүндүрүү берилип жана көмөк көрсөтүлөт.
«Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок” шаардык газетасында “Шаардагы апта” рубрикасы үзгүлтүксүз түрдө жарандардын кайрылууларынын мүнөздөрүн жана мазмунун ачык-айкын  чагылдырып турат. Токмок шаардык мэриясында расмий түрдө төмөнкү дарек боюнча сайт ачылган:www/tokmokcity.kg.
Токмок шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан 58 адам кабыл алынды, алардын 11 кайрылуулары оң чечилип, 45 адамга түшүндүрмө берилген, 2 кайрылуу аткаруу иретинде.
Баардык арыздар,  каттар жана даттануулар  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамга ылайык так каралып турат жана каттоого алынат.
Түшкөн документтердин аткарылуусу:
2019-жылдын 1-жарым жылдыгында  Токмок шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын жогорку органдарынан  2204 ченемдик-укуктук актылары келип түшкөн. лардын ичинен  2192 си  аткарылды, 12 иаткарууда турат. Алардын ичинде:
– ченемдик-укуктук актылар -36 (КР Өкмөтүнөн);
– КРӨ Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын каттары-803 (анын ичинен 595 буюрма жана токтомдор, 208 телефонограммалар);
– Кыргыз Республикасынын министирликтеринен жана ведомстволорунан 400 иш кагаз келип түшкөн;
– Токмок   шаарындагы уюмдар менен мекемелерден  757 кат келип түшкөн.
Аткаруу тартиби дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө турат.
 
Жергиликтүү экономиканы
өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы                                         Ф.А.Малабаева