Ааламды көргөн эки көз

Менин Шаарым / Мой Город

“Баш акылдын кабы, көз жандын айнеги” – деген акылмандык сөз бар. Мунун артында не деген айтылбай жаткан сырлар жатат. Бул жарык дүйнөгө келген адамзат, келечекке умтулуп, жакшы жашоого аракет кылат. Кудайдан алты мүчөсүнүн амандыгын тиленет.
Оорунун бардыгы тең жаман деңизчи, а бирок, ааламды көрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылсаң караңгы көрдүн өзү эмеспи. Бир өзүң гана кор болбой, жаныңда сени караган адамды беймазага салганың тирүүлөй эле кордук. Бут, колуң же башка мүчөңдөн ажырасаң да, жарык шооланы көрүп “тиги, муну” алып бер дегенге жарайсың. Алдыңдагы ашыңды, жакын адамдарыңды, ал гана эмес, кыз – уул, неберелериңдин өңү түсүн көрбөй, билбей жашоо кандай гана оор. Ошондуктан, “эки көзүмдү аман кой”, “сокурдун тилегени эки көз” – деп айтылат го. Ааламды көз карегине батырып туруу кандай гана керемет.
Көрбөй жаткан көзүңдү дарылап, жарык нурун көргөзүүгө себепчи болгон көз дарыгерленрине жөн гана алкыш айтуу аздык кылса керек. Биз сөз кыла турган мыкты дарыгердин бири, Гиппократтын антын так аткарган, бейтаптары үчүн ичкен ашын жерге кое койгон адам Уланбек Жумаев Төрөнович Токмок аймактык оорукананын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы.
Уланбек Төрөнович 1970-жылы азыркы Жалал Абад, мурдагы Ош облусуна караштуу энергетиктердин шаары болгон Кара-Көл шаарында туулган. 1987-жылы №1 Токтогул атындагы орто мектебин аяктаган. 1988-жылы Фрунзе шаарындагы медициналык институтунун дарылоо факультетине тапшырып, аны 1994-жылы аяктаган.
1994-95-жылдары интернатураны, 1995-97-жылы клиникалык ординатураны аяктагандан кийин Бишкек шаарында жайгашкан Чүй областык ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнө врач – ординатор болуп эмгек жолун баштаган.
2003-жылы Чүй областтык бириккен ооруканасы Токмок шаарына которулган. 2004-жылы жаңы түзүлгөн көз оорулар бөлүмүнө башчы болуп дайындалган. 2006-жылы Чүй областтык бириккен ооруканасы Токмок аймактык ооруканасы болуп өзгөргөн. Улан мырза бүгүнкү күнгө чейин бөлүмдү ийгилктүү жетектеп келе жатат. Аталган бөлүм Чүй областынын чыгыш аймагында жайгашкан бирден бир бейтаптарды стационардык шартта дарылоочу бөлүм болуп саналат. Бул жакка Токмок шаары, Кемин, Ысык Ата райондорунун, андан башка областка жакын жайгашкан Ысык Көл, Нарын облустарынын тургундары, коңшу өлкөбүз Казакстандан да бейтаптар кайрылышат. Дарттын түрүнө карата консервативдүү жана оперативдүү (микрохирургиялык деңгээлде) жол менен дарылоо жүргүзүлөт.
Мындан сырткары, Улан Төрөнович Чүй-Токмок аскер комиссариатынын комиссиясынын курамында туруп, аскерге чакырылуучуларды медициналык кароодон өткөрүп турат. Биздин каарман жогорку категориядагы дарыгер, көптөгөн сыйлыктардын ээси. 2007-жылы Токмок аймактык ооруканасынын “Мыкты бөлүм башчысы”, 2009-жылы Чүй облусуна караштуу ооруканалардын “Эң мыкты бөлүмү” номинацияларын багындырып, бир катар ардак грамоталарга ээ болгон. Демек, бул сыйлыктар дарыгердин эмгегинин үзүрү.
Бул адамдын эмгегин, колунун жеңилдигин жана адамгерчилигин, оорунун азабын тарткан бейтаптар гана билет. Өз ишин так жана чын дили менен аткаргандыгы оорулууларга кылган мамилесинен эле байкоого болот. Ал гана эмес эс алууну билбей, дем алыш күндөрү таң эрте менен келип, ар бир бейтаптын абалын сурап, өз колу менен дарылаганы биздей бейтаптарга абдан жакты. Бир аптадан ашык көрбөй калган көзүңө кайрадан жарык тартуулаганы өзү ажайып дүйнө эмеспи.
Ошондой эле, өзү менен бирге иштешкен медайымдарга сылык мамиледе талап коюу менен катар аларды өз учурунда көтөрмөлөй билиши иш билгилигинин белгиси. Мына ушунудай мыкты кесипкей адамды колдоп, жардам көрсөтө билсек кана?! Муну айтып жаткан себебим: дарыгердин керектүү аспаптары жокко эсе экен. Алсак, көздү толук көрсөтө турган офтольмометр жана щелевая лампа сыяктуу аппараттар жок болгондуктан, бейтаптарды кароодо бир топ тоскоолдук жаратууда. Ушул аппараттарды алууга салым кошчу эр, азаматтар чыкса сонун болор эле. Кудай алдында жана көз оору менен алышкан бейтаптардын, ааламды көрүүгө зар азизтердин сообуна калыңыздар!
Биз, көз оору менен ооругандар жана дарылануунун аркасында күн шооласын көргөн бейтаптар төмөнкү медайымдарга: Э. Сейталиева, Д. Молдалиева, Ч. Өмүралиева, Н. Асанова, А. Ниязалиеваларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизге ден-соолук тартуулаган колдоруңуздарга береке, үйүңүздөргө бакыт орносун.
Ал эми Уланбек Жумаевге ишине ийгилик, узун өмүр, ден-соолук каалап, эл керегине жараган дарыгерлердин катарын толуктап, биздин көзүбүзгө көз болуп жүрө беришин тилейбиз.

Т. Шейшеналиев, көз оорусунан жабыркаган бейтаптардын атынан.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru