АК КАЛПАК ЖАНА ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Менин Шаарым / Мой Город

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына “Ак калпак күнү” белгиленет. Быйыл да бул күнү шаарыбыздын борбордук аянтында ак калпак жана туу күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Майрамдын урматына ак калпак, улуттук кийим кийген жогорку, орто окуу жайларынын окуучулары, жетекчилери жана мугалимдеринин Шамшы көчөсүнөн баштап борбордук аянтка чейинки жөө жүрүшүнө күбө болдук. Жөө жүрүш “Кыргыз кийген ак калпак – кылымдарга сакталат” аттуу ураан менен коштолду.

050319 Ак калпак 017
050319 Ак калпак 015
050319 Ак калпак 020
050319 Ак калпак 009
050319 Ак калпак 018
050319 Ак калпак 023
050319 Ак калпак 029
050319 Ак калпак 025
050319 Ак калпак 033
050319 Ак калпак 036
050319 Ак калпак 041
050319 Ак калпак 048
050319 Ак калпак 072

Борбордук аянтка келип токтогон жөө жүрүштүн катышуучулары андан ары концерттик программага күбө болушту. Алгачкы сөз кезеги Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиевке берилип, ал сөз учурунда шаар элин кирип келген майрамы менен куттуктап өттү. Андан сон, шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Улан Сатыбалдиевке жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Медет Туркменовго куттуктоо сөзү берилди.

Э. ТОЙМАТОВА.