Алкышка арзыган адамдар

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрь күнү мэриянын чоң залында башыбызга түшкөн оор кырдаалда кайдыгер болбой, жардамга кол сунган шаар жашоочуларын жана ыктыярчыларды сыйлоо аземи уюштурулду.

Кечеге жаз мезгилинен бери кичи район жана шаар тургундарын ар тараптуу колдоого алып, тынымсыз иш алып барып жатышкан 74 инсан чакырылган эле. Алгач калаа башчыбыз Данияр Амангельдиев залдагыларды өтүп кеткен эгемендүүлүк жана билим күнү менен өзүнүн жана шаардык кеңештин атынан куттуктап өттү.
Андан соң, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемия учурунда аймактык оорукана борбор калаадан жана башка аймактардан келген бейтаптарга толуп, ак халатчандар ишин эки эселеп аткарышкандарына токтолду.
Алар менен эле катар бул кырдаалдан чыгууга катардагы жарандардын бирдиктүү иш алып баруулары да жакшы ийгиликтерге алып келгендиги белгиленди. Чындыгында, карапайым жарандардын колдоосу, күчү кооптонуп турган элдин демин көтөрүп кетти. Бири дары-дармек таратса, экинчиси унаасын айдап чыгып, үчүнчүсү азык-түлүгүн камдап, айтор шаар элине бир топ жардам көрсөтүштү.

Жасаган иш-аракеттери үчүн мэриянын атынан жогорудагы 74 ыктыярчы инсанга алкыш каттар тапшырылды. Алкыш катта мэр Д. Амангельдиевтин атынан мындай деп жазылган: “Адамзаттын тарыхында алгачкы ирет дүйнө жүзүн пандемия илдети каптап, бир эле убакытта баардык кургактыктагы мамлекеттерди чулгап, адам баласынын шаштысын алды. Ачыгын айтканда Кыргызстандагы кырдаал да өтө татаал. Ооруга чалдыккандардын, оорудан көз жумгандардын саны үрөй учурган чекке жетти.
Адам өмүрүн кыйган мындай коркунучтуу оорудан жабыр тарткандардын аз болуусу үчүн бийликтегилер да, жөнөкөй жарандар да колдон келген мүмкүнчүлүктөрүн аяшкан жок.
Токмок шаары да бул илдеттен кыйгап өтө алган жок. Ушундай мезгилде жалпы элдин кайгысын ортоктош болуу менен ооруну жеңилдетүү максатын көздөп эл үчүн кызмат көрсөткөн сиздерге шаар тургундарынын жана жеке өзүмдүн атымдан чоң ыраазычылык билдирем.”
Жалпы элибиз бөөдө кырсык, оору-сыркоодон оолак болсун. Катарыбыз намыскөй, боорукер инсандарга толуктала берсин. Сыйлыгыңыздар кут болсун, ак жүрөктөр!

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru