Апрель баатырлары элдин жүрөгүндө

Менин Шаарым / Мой Город

Быйыл өлкөнүн бардык аймактарында Апрель революциясынын 11 жылдыгы белгиленди. Ага байланыштуу 6 – апрелде Чүй айылындагы “ Кылым кыяматтары” эстелигинин алдында Апрель баатырларын эскерүүгө арналган митинг-реквием өттү. Аталган иш-чарага Чүй райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким Манас Осмоналиев, акимдин орун басары Бактыбек Абдугулов, Токмок шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Кадыркул Чотбаев, вице-мэри Сергей Ступников, Чүй-Токмоктук “Апрель баатырлары” коомдук уюмунун жетекчиси Токон Казакбаева, Апрель революциясынын катышуучулары, райондун жана Токмок шаарынын мекеме-уюмдарынын эмгек жамааттары катышышты.

Аземдин катышуучулары эстеликтин алдына гүлчамбарларды коюшту. Андан соң, Апрель баатырлары эскерилип, маркумдарга Куран окулду. Бир мүнөттүк аза күтүлдү. Асманды көздөй залптар атылды. Митинг-реквиемдин катышуучулары Апрель революциясында үй-бүлөлүк, кландык, адилетсиз башкарууга каршы күрөштө курман болгон баатырларга таазим этишти, эл баатырларын өстүрүп, тарбиялаган ата-энелерине, жакындарына жылуу каалоо-ниеттер менен бирге чоң ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле Апрель окуясы эч качан кайталанбашын тилешти.

Б. БАЙДЫЛДАЕВА. 


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru