Аракет жана жеңиш

Менин Шаарым / Мой Город

Борборубуз Бишкекте 19-20 – октябрь күндөрү «Карвен» борборунда стол тенниси боюнча ардагерлер арасында өлкө чемпионаты өз ишин жыйынтыктады.
Таймашка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан келген 80ден ашуун спортчу катышкан. Кыргызстандын ар аймагынан барган спортчулар жана албетте, Токмок шаарынын стол теннис боюнча курама командасы да мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаруусу мүмкүн эмес эле.
Жеңиш үчүн күч сынашуу эркектер арасында үч жаш курак боюнча: 40-49 жаш, 50-59 жаш жана 60тан ашкандар арасында, ошондой эле жуптар арасында да таймаш жүрдү.
Маалыматка ылайык, эркектер арасындагы 40-49 жаш курагында токмоктук Закир Ташмухамедов биринчиликти багындырып, алтын медалдын ээси болду. Мындан тышкары, жуптук разрядда да жеңишке жетишкени үчүн, КР ардагерлер арасындагы чемпиону наамына З. Ташмухамедов татыды.
Аялдар арасындагы 35-49 жаш курактагы беттешүүдө №9 орто мектебинин мугалими Гүлнара Молдоева, жеке ишкер Индира Мамытованы 2 орунга калтырып, биринчиликти илип кетти. Ал эми 3 орунду да биздин жердешибиз, жеке ишкер Чолпон Ормушева ээлеп, аты аталган үч айымыбыз чоң жеңиш менен кайтышты.
Ал эми 50 жаштан жогору аялдар арасындагы таймашта ардактуу эс алуудагы айым Анара Мейназарова 2-орунду камсыз кыла алды. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар, грамота жана медалдар менен сыйланышты. Курама команда аталган чемпионатка Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн каржылоосу менен барышкан.

Э. ТОЙМАТОВА.