Байгелүү орун кут болсун

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 5-6-7октябрда Бишкек шаарында жайгашкан “STRONG” бокс жана фитнес борборунда эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Турнирге Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу коңшулаш мамлекеттердин спортчулары келишти. Жалпысынан 340 мушкердин катышуусунда кызыктуу таймаш болду. Токмок шаарыбыздан барган 5 мушкердин экөөсүнө ийгилик жылмайып, байгелүү орундарга ээ болушту. Афтандиль Муканбетов 57 кг салмакта 1-орунга татыса, Шабдан Сейитов 71 кг салмакта 3–орунду камсыз кылды.

Э. ТОЙМАТОВА.