Балалыктын майрамы

Менин Шаарым / Мой Город

Жыл ичиндеги көптөгөн маданий иш-чаралардын тизмеси арбын. Ошол иш-чаралардын жаратылыш койнунда эзелки касиеттүү жерлерде өткөнү ар бир адам баласына өзгөчө дем берип, жакшы маанай тартуулайт. 30-май күнү “Бурана” музей-комплексинде алтын балалыкка арналган чоң масштабдагы майрамдык кече болуп өттү. Майрамдык салтанатка борбор калаабыз Бишкек шаарынан, Сокулук районунан, Нарын областынан жана Чүй-Токмок аймагынан 800дөн ашуун мектеп окуучулары, балдар бакчалардын тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ата-эне, эже-агайлар күбө болушту.
Тээ алыстан жаңырган Чүй райондук маданият үйүнүн музыканттарынын коштоосундагы ыр-күүлөр салтанаттуу кеченин кичинекей катышуучулары үчүн арналып жатты. Андан сырткары карапа бетине сүрөт тартуу, таш бетине сайма түшүрүү, пластилинден ар кандай нерселерди жасоону үйрөтүүчү мастер класстар өткөрүлдү. Ошентип, жайкы каникул ичинде ата-энелер балдары менен биргеликте эзелки Суяб жана Баласагын шаарларына келип, тарых барактарына көз салуу менен чакан мекенибиздин тарыхына саякат жасап кетишти.

Т. Бейшембиева., №7 филиал-китепкана башчысы.