Балаты. Шаттык. Кубаныч.

Менин Шаарым / Мой Город

Жаңы жылды чоңдорго караганда наристелер өтө чын дилинен кандайдыр бир сырдуу сезимге арбалып күтүшөөрү анык. 26-декабрь күнү Н. Байтемиров атындагы маданият үйүндө шаарыбыздагы 80ден ашуун наристелерге жаңы жылдык кече уюштурулду. Алар аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары эле.

Майрамдык кечеде маданият үйүнүн кызматкерлери балдарды жомоктор дүйнөсүнө  жетелешип, кызыктуу оюн-зооктор болду. Мэриянын колдоосу менен өткөрүлгөн кечеде Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан белектер тапшырылды.

Э. ТОЙМАТОВА.