Балдар биздин келечегибиз

Менин Шаарым / Мой Город

Эл аралык балдарды коргоо күнү жыл сайын жай айынын эң биринчи күнүндө белгиленет. Бул майрам 1949-жылдын ноябрь айында франция өлкөсүнүн борбору Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгрессинин чечими менен уюшулган. Эң биринчи жолу бул майрам 1950- жылы өткөрүлгөн. Майрамдан тышкары балдарга жыл сайын 20- ноябрда өтүүчү “Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү” да арналган. “Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүн”, “Эл аралык балдарды коргоо күнү” менен алмаштырбасак.
Бул майрам 1925-жылдан бери белгиленип келет. Советтер союзунун убагында 1-июнда мектептерде окуучулар үчүн жайкы эс алуулар башталып, балдар күнүн дискуссия жана балдардын аман – эсен, ден соолукта болуусун талкуулашчу. Балдар үчүн телекөрсөтүүлөр жана кинофильмдер көрсөтүлүп, спорттук мелдештер уюштурулуп, көп учурда мындай иш – чараларга ата – энелер балдары менен чакырылчу. Албетте, бүнкү күндө да балдарды коргоо күнүнө өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн иш чаралар борбор шаарларда, райондук деңгээлде өткөрүлүп келет. Ал эми Кыргызстанда болсо бул майрам жогорку деңгээлде белгиленип жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мектеп, маданият, китепкана жана башка көптөгөн мекемелер тарабынан балдарга майрамдык иш чаралар уюштурулуп, спорт оюндары ойнотулуп, кичинекей биздин келечектин ээлери үчүн жакшынакай чакан концерттер коюлат. Бул күн – балдарга дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын өмүрү менен ден соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн – жалпы коом жоопкер экенин дагы бир жолу эсибизге салган күн. Ар бир бала бактылуу балалыкка татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу. Аны камсыз кылуу-биздин милдетибиз.
Ден соолугу чын, акыл – эстүү жана адептүү баланы тарбиялоо үчүн аны ооруу – сыркоодон, зордук – зомбулуктан гана эмес, психологиялык жана маалыматтык тескери таасирлерден, зыяндуу адаттардан да калкалоо керек.
Мамлекет балдардын коопсуздугу, анын ичинде жол коопсуздугу, зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштердин натыйжалуулугун дагы күчөтөт. Оорулуу жана майып балдар, кароосуз калгандар, айрым зөөкүрлөрдүн зордук – зомбулугуна туш болуп, кордолгон балдар өзгөчө камкордукка муктаж.
Ар бир бала шык – жөндөмү, таланты менен жаралат. Аны ойготуу, өстүрүү керек. Ата – эненин, тарбиячынын мээримине, сүйүүсүнө бөлөнгөн балдар акыл – эси жетиштүү, күйүмдүү, шыктуу болуп чоңоюшат. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнап, сырдаш бололу.

Т. Жапарова, №5 филиалдын башчысы.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru