Балдар коопсуздугу үчүн

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында шаарыбызда үй-бүлөнү жана балдарды коргоо борбору ачылгандыгын кабарлаган элек. Аталган борбордун алкагында ар кандай зордук-зомбулуктан балдарды коргоо максатында пилоттук электрондук тиркеме иштелип чыгууда.
Өткөн жумада мэриянын чоң жыйындар залында мамлекеттик органдардын кызматкерлери мобилдик тиркеме тууралуу кенен маалымат ала алышты. Бул тиркеменин негизги максаты жергиликтүү администрация, прокуратура, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, билим берүү бөлүмү, Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрдүн башын бириктирип, мониторинг жана координациялоо ишин жүргүзүү болуп саналат.
Шаарыбыздагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка, турмуштун кыйын кезине туш болгон өспүрүмдөргө көмөк көрсөтүү үчүн, жогоруда аталган мамлекеттик органдар милдеттүү түрдө тиркемеге кошулуп, жардамга муктаж балдарга жардам көрсөтө алышат. Ошондой эле, тиркеме аркылуу ар бир кызматтын кадамын көзөмөлдөп турууга болот.
Тиркеме азыркы учурда толук иштелип бүтө элек болгондуктан, көрсөтмөнүн катышуучулары тарабынан мобилдик жүктөмөнүн артыкчыларын баса белгилөө менен катар, кемчиликтерин да айтып, толуктоолор сунушталды.
Андыктан ар бир каалоочу мобилдик тиркемени жүктөп алуу менен, өмүрүнө коркунуч жаралса ыкчам жардам алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Тиркеме ишке киргизилгенден баштап бир жыл бою сыноодо болот, башкача айтканда, балдарды коргоо жаатын жакшыртуу максатында толуктоолор киргизилип турмакчы.
“Балдарды коргоо” мобилдик тиркемесинин авторлору үй-бүлөнү жана балдарды коргоо борборунун координатору Э. Исмаилова жана борбордун эксперти Ж. Жумабаева болуп саналса, техникалык кызматкери А. Бормоков. Эльза Исмаилованын айтуусунда, тиркеме жакынкы күндөрү ишке берилүүсү кутүлүүдө жана тиркеме облустук деңгээлде каралып жатат.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru