Балдарды

Менин Шаарым / Мой Город

1-июнь Балдарды коргоо күнү

Шаарыбызда 1-июнь Балдарды коргоо күнү жылда белгиленип келет. Быйыл пандемияга байланыштуу бул майрам чоң салтанаттар менен коштолбосо да, шаардын жетекчилиги жана демөөрчүлөр аз камсыз кылынган, оор абалда калган балдарга өзгөчө көңүлдөрүн бөлүп, унутта калтырышкан жок.
Бул сапарда шаарыбыздын мэри Данияр Амангельдиев, вице-мэр Сергей Ступников, Чүй-Токмок эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Эльза Исмаилова Токмок шаарындагы үй-бүлөлүк типтеги “Бактылуу балалык” балдар үйүндө мейманда болушту. Жетекчилер балдарга аталык-энелик мээримдерин төгүшүп, акыл-насааттарын айтышты, мыкты билим алып, ар кыл кесиптин ээлери болушун, турмушта өз жолдорун таап, эл-жерине кызмат кылышын жана кубанычка бөлөнүп, жүздөрүнөн жылмаюу кетпешин каалашты. Белектерин тапшырып, балдарды кубандырышты.
Аталган мекеме мэриянын карамагында. Балдардын тамак-ашы, дары-дармектери, кызматкерлердин эмгек манаясы, коммуналдык төлөмдөрү мэрия тарабынан каржыланат. Учурда үй-бүлөлүк типтеги “Бактылуу балалык” балдар үйүндө 7 жаштан 18 жашка чейинки, оор абалда калган балдар багылууда. Алар шаардагы №1 жана №3 орто мектептеринде билим алышат. Аталган мекемеде жашап, күндөрүн өткөрүшөт. Мекемеде 4 тарбиячы, 1 ашпозчу жана эсеп-кысапчы эмгектенишет. Бул тууралуу мекеменин директору Елмира Тынаева билдирди. Анын айтымында, балдар үйүндө балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бош убактысында балдар кол өнөрчүлүк, чыгармачылык менен алектенишет. Имараттардын биринде китепкана жайгашкан. Анын текчелеринде кызыктуу, көркөм китептер арбын. Бош убактысында балдардын китеп окуусуна чоң көңүл бурулуп келет. Окулуп бүткөн китептерди мекеменин жетекчилиги жана тарбия алуучулары алар окуган мектептердин китепканасына белекке өткөрүп берип турушат. Учурда мекеменин короосунда брусчатка коюлуп, жасалгалоо иштери жүрүүдө. Келечекте демөөрчүлөрдүн жардамы менен мекемеде балдар үчүн тренажерлорду орнотуу пландалууда.
Август айында балдар жайкы эс алуусун Ысык-Көлдөгү “Улан” эс алуу лагеринде өткөрөөрү белгилүү болду. Учурда балдар үйүндө жашоо өз нугунда өтүүдө. Андыктан балдарга жардам берүүгө ниеттенген жарандар жана демөөрчүлөр үчүн анын эшиги дайыма ачык. 

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru