Балдардын күлкүсү тыйылбасын

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбызда балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралар уланууда. Мисалга алсак, 30-июнь күнү “Аттракцион” паркы аз камсыз болгон, көп балалуу үй бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 120 бала үчүн эшигин ачты. Наристелер аттракциондорго бекер ойноо менен гана чектелбестен, “Сказка”, “Фермер” жана “Ширин” жеке ишканалар тарабынан таттуулар, балмуздактар тартууланды. Мындан сырткары түрк лицейинин мүдүрү Шефкат Тутар аз камсыз болгон 25 үй бүлөгө тамак-аш салынган баштыктар менен бөлүшсө ТИПКдин жамааты жана студенттери акчалай жардам көрсөтүштү. Ал эми суши-бар “Сакура” салтка айлангандай эле бөбөктөргө пицца таратышты. Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жогорудагы демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирүү менен “Алкыш каттарын” тартулоо алдында тургандыгын кабарлашты.

300519 Бейкут Сакура 004
300519 Бейкут Сакура 015
300519 Бейкут Сакура 014
300519 Бейкут Сакура 010
300519 Бейкут Сакура 017
300519 Бейкут Сакура 022

Э. ТОЙМАТОВА.