Бардыгы балдар үчүн

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбыздагы №5 орто мектебинде жаңы жылдын башталышы менен мектеп ашканасынын жана эки башталгыч класстын окуу кабинетинин терезелери жаңы пластикалык терезелери менен алмаштырылды. Аталган мектептин мүдүрү Абдымомунова Нуржамал Кадыровна “Мерсико” эл аралык уюму менен иштешип, ашкананын жана мектептин терезелерин алмаштыруу боюнча проект жазган. Анын негизинде “Мерсико” уюму менен келишим түзүлүп, бирок, акча каражатынын толук бөлүнбөгөнүнө байланыштуу мектеп ашканасынын жана эки башталгыч классынын терезелери терезелери жаңыртылды.
2019-жылы шаардык мэрия тарабынан каржыланып жана ата-энелердин жардамы менен мектеп ашканасы толугу менен оңдоодон өткөрүлгөн. Жалпысынан 243 590 сом каражатка, бул жылды кошкондо бардыгы болуп 15 терезе алмаштырылды. Ошондой эле, бул ишке жардамын көрсөткөн коомдук ишмер Абакиров Эльдар Курманбековичке педагогикалык жамаатынын жана администрациянын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик, бекем ден-соолук жана да жаш жеткинчектердин келечегине салымыңызды кошо берүүңүздү каалайбыз.
Мындан сырткары, 1Б, 1А жана 4А башталгыч класстын ата-энелери, класс жетекчилер Турдукан Рахматова жана Мира Жоорова менен биргеликте чоң жардамын көрсөтүштү. Сиздерге да терең ыраазычылык билдиребиз. Балдардын окуусуна канчалык шарт түзуп, келечек муундарга көрсөткөн жардамыңыздардын акыбети кайтат деген ишенимдебиз.

№5 мектептин администрациясы.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru