Баткен окуясына 18 жыл

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбыздагы бириккен аскер комиссариатында 29-октябрь күнү Баткен коогасында Кыргыз республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоодо, өз кызматтык милдетин аткарууда курман болгон жоокерлерди эскерүү күнүнүн 18 жылдыгына карата митинг- реквием өттү. Эскерүү иш-чарасы Баткен окуясындагы жоокерлерге арналган эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Андан соң, бул коогалаңда кайтыш болгондорго куран окутулуп, иш-чара андан ары АРЗ 2 кафесинде улантылды.
Ага вице-мэр, Сергей Ступников, мэриянын аппарат жетекчиси, Баткен согушунун Ардагери (БСА) Алмаз Чорчонов, Токмок шаардык бириккен аскер комиссариатынын башчысы, полковник Канат Шамыров, бириккен аскер комиссариаты Улан Орозалиев, 3-бөлүмдүн жетекчиси Кайрат Молдалиев, БСА Республикалык Кеңешинин төрагасы Канат Бакалов, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Эльза Исмаилова, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн өкүлү, Баткен окуясынын ардагерлери, коогалаңда курман болгондордун жакындары жана Кемин, Ысык-Ата, Кант шаарынын БСА төрагалары катышышты.
Иш-чаранын көркүн жоокерлерге арналган ырлар ачса, Баткен окуясы тууралуу слайд-шоу ошол күндөрү өз милдеттерин так аткарып, канчалаган адамдарды куткарып калган жоокерлерибизге суктанууга, ыраазы болууга мүмкүндүк берди. Токмок шаарынын каттоосунда 75 Баткен окуясынын ардагерлери бар. Алардын ар бирине мэрия тарабынан 1000 сомдон 75000 сом бөлүнүп берилгендигин БСА кеңешинин төрагасы Мусулманкул Чакаев айтып өттү. Өлкө бүтүндүгүнө жана эл аралык коопсуздукка шек жараткан көрүнүштү тез арада токтотуу багытындагы ыкчам аракеттери үчүн Баткен согушунун ардагерлери медаль, орден, грамота менен сыйланышты жана бул кылган эрдиктери үчүн рахмат айтуу максатында Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын атынан Эльза Исмаилова Мусулманкул Чакаевге ыраазычылык катын тапшырды.


Баткен окуясында каза болгон жоокерлердин атын түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурастарды сактоо жана жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында Куралдуу күчтөрүнүн бардык бөлүктөрүндө 26-октябрь – 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү күнү катары белгиленүүдө. Бул коогалаңда жеке курамдан 54 жоокер каза болгон. 2001-жылы Коргоо министрлигинин буйругу менен алардын аты-жөнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн тизмесине түбөлүккө киргизилген.

Э. ТОЙМАТОВА.