Базар жана оорукананын аймактары дезинфекцияланды

Мэрия города Токмок

Токмок шаарындагы ӨКБнын өздүк курамы тарабынан 30-март күнү борбордук базар жана аймактык оорукананын айланасында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Дезинфекция кылынган аймактын көлөмү 45 000 м2 түздү. Бул ишти аткарууга бир автоунаа жана өздүк курамдан 4 киши тартылган. 2020-жылдын 21-мартындагы премьер-министрдин № 11-1140 көрсөтмөсүн жана КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын 2020-жылдын 21-мартындагы № 73 буйругун аткаруу максатында жогорудагы дезинфнкциялоо иштери жүргүзүлдү.