Биздин сыймык

Менин Шаарым / Мой Город

Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында 3-6 – октябрь аралыгында өспүрүмдөр арасындагы дзюдо боюнча “Эр Жанек 2019” аталыштагы Азия Кубогу болуп өттү. Ага Кыргызстан, Казахстан, Өзбекстан, Таджикстан, Орусия, Турция, Непал жана Сауд Арабиясынан келген 250дөн ашуун спортчу катышышты. Анда жалпы 13 комплект медалдар ойнотулган. Кыргыз дзюдочулары 5 алтын, 5 күмүш жана 7 коло медалга ээ болуп, жалпысынан 17 медаль жеңишкен.
Алардын арасында кыргыздын желегин желбиреткен токмоктук жаш спортчу кыздарыбыз Мырзайым Дүйшөнбекова жана Айсулуу Качкыновалар жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп, ийгилик менен кайтышты. Алсак, Мырзайым 52 килограмм салмак ченинде атаандашууда жаштар арасында 1-орунду ээлеп алтын медаль тагынса, өспүрүмдөр арасындагы таймашта 3-орунду камсыз кылып коло медалга ээ болду. Ошондой эле Айсулуу Качкынова өспүрүмдөр арасындагы таймашта 44 килограмм салмак ченинде чыгып 3-орунду ээлөө менен бул кызыбыз да коло медалдын ээси аталды.
Токмок шаарынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн каржылоосу менен ушул эле спортчу кыздарыбыз коңшу өлкөбүз Казакстандын Алматы шаарында 23-26 – сентябрь аралыгында болуп өткөн дүйнөлүк чемпионатка да катышып келишкен.
Ал эми 6-октябрь күнү борбор калаанын “Аска-Таш” мемориалдык комплексинде “Мол Булак – Күз деми” деп аталган эл аралык марафон, “Манас”аба майданына барчу жолдо өткөрүлдү. Жүрөк кемтигине арналган чуркоого 3000ден ашуун жарандар катышкан. Катышуучулар 16-29 жаш, 30-39; 40-49; 50-59 жашка чейинкилер жана 60тан жогорудагылар деп беш топко бөлүнүп чуркашты. “Чуркаган жүрөктөр” деген ураандын астында өтүп жаткан иш-чарадан катышуучулардан алынган 100 сомдук акы жүрөк кемтигинен жабыр тарткан балдарды дарылоо үчүн жумшалат.
Быйыл төртүнчү жолу өтүп жаткан марафонго келгендер 3, 10, 21 жана 42 чакырымда жарышышкан. Сахзавод айылынын тургуну Кенжебек Акаев 42 чакырымды 3 саат 20 минутада чуркап өтүп 1-орунду багынтууга жетишкен. Ал 50-59 жаш курагындагылар менен ат салышкандыгын кабарлады. Жеңүүчүлөргө грамота, медаль жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
7-октябрь күнү жогорудагы ийгилик менен кайткан спортчуларыбызды шаар мэри Данияр Амангельдиев кабыл алып, жетишкен ийгиликтери менен куттуктады. Куттуктоо сөзү менен бирге калаа башчы жеңиш ээлерине белек тапшырды.

Э. ТОЙМАТОВА.