Ч. Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына

Менин Шаарым / Мой Город

Чыгаан жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрь күнү мэриянын салтанат залында болуп өттү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, бөлүм башчысы, КР улуттук илимдер академиясынын өкүлү, Токмок шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Кемин, Аламедин райондук администрацияларынын өкүлдөрү, шаарыбыздын билим берүү бөлүмдөрү, окуу жай, ишкана, мекеме жетекчилери жана окуучулар катышышты.

 Салтанаттуу иш-чараны шаар мэри Данияр Амангельдиев куттуктоо сөзү менен ачып, келген конокторго сөз берди. КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тил” төш белгисин жана ардак грамоталарды сыйлык ээлерине тапшырды. Иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Толук маалыматты «Менин шаарым» гезитинен окуй аласыздар.

Э. ТОЙМАТОВА.