Чылымдын зыяны көп

Менин Шаарым / Мой Город

Султан Ибраимов атындагы борбордук аянтта 14-май күнү чылым чегүүгө каршы иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чара бүткүл дүйнөлүк чылымга каршы күнүнө карата үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү.Иш-чарага студенттер, окуучулар жана борбордук аянтта эс алып жүргөн шаар тургундары күбө болушуп, уюштуруучулар тарабынан даярдалган ар кандай конкурстарга катышышты. Жеңүүчүлөргө грамота, спорттук шаймандар жана түрдүү кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.Ден-соолук сакчылары болгон медицина кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына чылым тууралу кызыктуу фактыларды айтып беришти. Мисалы: статистика боюнча Чүй областындагы 67% мырзалар, 18% айымдар жана 31% 5-7 класста окуган жаш өспүрүмдөр чылым чегишет экен.

140519 Ярмарка Табак 049
140519 Ярмарка Табак 056
140519 Ярмарка Табак 071

Э. ТОЙМАТОВА.