Даңазалуу скульптор Токмокто жашайт

Менин Шаарым / Мой Город

Токмок шаарына жакын жайгашкан “Гавайи” эс алуу борбору кооз жерде орун алган. Учурда ал шаардыктардын жана сырттан келген коноктордун жакшы көргөн эс алуу жайына айланган. Анын аймагында орнотулган ар кандай жаныбарлардын скульптуралары, көркөм жасалгалар эс алуучулардын көңүлүн өзүнө бурдурбай койбойт. Скульптураларды жасоо ар кимдин эле колунан келе бербейт. Адатта кайсы бир кесипке ээ болуш үчүн жогорку окуу жайды бүтүргөндүгү тууралуу диплом керектелет. Скульптор болуш үчүн дипломдун деле кереги жок экендигин токмоктук жаран Канимет Иманкулов өзүнүн ишкердиги менен далилдеп келет.
Аталган каарман Кочкор районуна караштуу Семизбел айылында фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктаган соң, Канимет Токмоктогу Медициналык окуу жайдын фельдшердик бөлүмүндө окуусун улантат. Окуунун жүрүшүндө ал группалаштарына көмөктөшүп, плакаттарды тартып, тажрыйба топтой баштаган. Үч жылдан кийин, фельдшердик дипломго ээ болуп, кайрадан Нарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Көп убакыт өтпөй, Каниметти Алай районундагы чек арада жайгашкан Гүлчө айылына аскер кызматын контракттык негизде өтөгөнү жиберишет. Ал аймактан үч жылдан кийин кайрадан Токмок шаарына кайтып келет. Үй-бүлө куруп, эки кыздын атасы болот. Үй-бүлөнү багуу үчүн өзүнүн жөндөмдүүлүк шыгын скульптураларды жасоодо колдоно баштайт. Ошол мезгилде аны “Гавайи” эс алуу борборуна жумушка чакырып калышат. Ага аталган эс алуу борборун жасалгалоо милдети жүктөлөт. Ошол жерде ал биринчи ирет адамдардын жана жаныбарлардын скульптураларын ар кандай материалдардан жасап баштайт. “Гавайи” борборуна эс алууга баргандар чыгыш гороскобу боюнча аллеяда орун алган жаныбарлардын скульптураларын жана “Гавайи” эс алуу борборунун аймагында жайгашкан “Бурана” мейманканасынын короосунда орнотулган дельфиндердин, колунда чатыр кармаган кыздын жана үч чоң маймылдын скультураларын көрө алышат. Аларды Канимет Иманкулов бригадасындагы эки кызматчы менен биргеликте жасашкан. Каниметтин айтымында, скульптураны жасоодо алгач анын эскизи кагаз бетине түшүрүлөт, андан соң анын каркасы даярдалып, ичи цемент менен толтурулат. Цемент кургагандан кийин, сырты сырдалып, косметикалык иштерди жүргүзүү менен аяктайт.
Канимет Иманкуловдун айтымында, “Гавайиде” үч жыл иштегенден кийин, анын жетекчилиги менен тил табышпаганынан иштен кетүүгө мажбур болгон. Учурда ал бай тажрыйбага ээ болуп, өз алдынча тапшырык алуу менен иштей баштаган. Пандемия учурунда тапшырыктар аз эмес болду. Ага көбүнчө кафе, ресторандардын, эс алуу борборлорунун айлана-тегерегине, ландшафттарына көңүл бурган ээлери кайрылышты. Учурда ал шакирти менен иш алып барууда. Аларга жубайы да жардам берип келет. Канимет Иманкулов расмий түрдө патент менен иштеп жатат. Бирок чоң тапшырыктарды алуу үчүн ага атайын диплом керектелүүдө. Ал көркөм мектебине окууга тапшырууга ниет кылган, бирок анда сырттан окуу бөлүмү болбогондуктан окууга албай коюшкан. Азыркы убакта Канимет Иманкулов анын ишине, күчүнө ишенген инвесторлорго муктаж. Ал келечекте өзүндөй жөнөкөй, иштен качпаган, шыгы бар айылдык балдарды жумушка алып, өзү билген өнөрдү үйрөтүү үчүн цех ачууну көздөөдө. Пандемия учурунда тапшырыктардын саны азайгандыгына карабастан, Токмок шаарындагы ресторандардын биринде ландфаштты жакшыртуу боюнча иш алып барууда, бирок ал аны колдой турган адамдарга муктаж. Келечекте таланттуу скульптор чоң аянттагы жерди ижарага алып, анда скульптураларды, эстеликтерди, айкелдерди даярдоо боюнча цех ачууну көздөөдө. Ал ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, ал күн дагы келээрине үмүтүн үзбөй келет.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru