Дезинфекция иштери улантылууда

Мэрия города Токмок

Өлкөбүздө жаралган кырдаалды жөнгө салуу, санитардык тазалыкты сактоо жана КР ӨКМ Чүй облусу боюнча Башкармалыгынын 2020-жылдын 21-мартындагы №73 буйругун аткаруу максатында Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жеке курамы 2020-жылдын 21-23 – мартына чейинки убакытта Токмок шаарынын аймагында дезинфекциалоо иштерин жүрзүштү. Дезинфекция жүргүзүлгөн коомдук жайлардын тизмеси: Узбекская көчөсү, Киргизская көчөсү, С. Ибраимов көчөсү, Дунларов көчөсү, Пушкин көчөсү, Советская көчөсү, Ленин-Шамшы көчөсү, “Мүрөк” базары, Токмок шаардык автобекети, С. Ибраимов атындагы аянты, “Үмүт” түрк лицейи, ал эми 1-3 – кичирайондору 22 жана 23 март күндөрү эки жолу. Жалпысынан 183000 ч/м дезинфекцияланган. Азыркы учурда да дезинфекция иштери улантылууда.