Добуш берүү тартиби

Менин Шаарым / Мой Город

Урматтуу шайлоочу!

• 18 жашка толгон жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары тиешелүү шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилиши мүмкүн.
• Добуш берүүчү жайда шайлоочу өздүгүн тастыктаган документи көрсөтөт жана идентификациялоону биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоону шаймандар аркылуу аныкталат.
• Шайлоочунун биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт. Шайлоочуну идентификациялоодон кийин, ЧЕК басып чыгарылат.
• ЧЕК жана өздүгүн тастыктаган документи шайлоочу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берет, ал анын ордуна шайлоо бюллетенин берет, ал эми шайлоочу жазуунун туура экендигин текшерип, кагаздагы шайлоочулардын тизмесине кол тамгасын коёт.
• Шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын жабдылган кабинада толтурат. Шайлоо бюллетенин толтурууда шайлоочунун эркинин купуялуулугун камсыз кылган, шайлоочулардын аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын байкоо жүргүзө албай турган, атайын жабдылган кабинаны орнотуу керек.
• Шайлоочу шайлоо бюллетениндеги кутуга тиешелүү белги коюп, анын пайдасына тандалган саясий партияга же «Баарына каршы» позициясына шилтеме кылат.
• Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш беруугө жол берилбейт.
• Толтурулган шайлоо бюллетенин шайлоочу АЭУга салат. Шайлоо бюллетенин шайлоо участогунан алып чыгууга тыюу салынат. Добуш берүү үчүн үкөктүн жанында шайлоо бюллетенин салууга шайлоочудан башкалардын болуусуна тыюу салынат, шайлоочунун талабы боюнча, бюллетенди автоматтык эсептөөчү урнага салуу учурунда кыйынчылыктар жаралганда, АЭУ оператору чакырылышы мүмкүн.
• Добуш берүүчү жайдагы адамдарга добуш берүүчү үкөгүнө байкоо жүргүүүгө же добуш берүүнүн жүрүшүнө башка жол менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.
• Шайлоочу добуш бергенден кийин, ал шайлоо участогунан чыгып кетет.

Көңүл бургула!

• Сиздин тандооңузга эч ким таасир эте албайт!
• Добуш беруунун купуялуулугун сактоо — эркин билдируунун негизи.
• АЭУ пайдалануу, сиздин добушуңуз кимге берилгендигин ачыктабайт.
• Добуш берүүнүн купуялуулугу мыйзам менен кепилденет жана аны бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
• Шайлоо системасын реформалоо эркин, демократиялык шайлоолорду өткөрүү жана ар бир шайлоочунун добушун ишенимдүү эсептөө үчүн бардык шарттарды түздү!

Көңүл бургула!

• Шайлоого даярдануу учурунда жана шайлоо куну добуш берүү бөлмөсү жана ал жактагы бардык буюмдар дезинфекцияланат.
• Добуш берүүчү жайга кире бериште ар бир шайлоочунун дене табы контактсыз текшерилип, колдоруна санитардык тазалоо жүргүзүлөт.
• Шайлоо күнү ар бир шайлоочу жеке коргонуу шаймандары (бир жолку бет кап жана полиэтилен кол кап) менен камсыздалат.
• Шайлоочуга шайлоо участогунун сыртында жана ичинде 1,5-2 метр аралыкты сактоо сунушталат. Бул максатта, шайлоо участогунун кире беришинде, шайлоочулардын ортосундагы социалдык аралыкты сактоо үчүн атайын белгилер тартылат.
• Шайлоочунун идентификациялоосунун алдында жана андан кийин, сканер жана шайлоочунун колдору спирттелген салфеткалар менен тазаланат.
• Добуш берүү үчүн бюллетенди алмаштыруу, шайлоо бюллетенин толтуруу жана шайлоо бюллетенин АЭУга салуу полиэтилен кол кап менен жүргүзүлөт.
• Оорунун белгилери бар шайлоочулар үчүн өзүнчө добуш берүүчү кабинанын болушу.
• Добуш берүүчү жайдан чыкканда, маскалар менен кол каптарды жок кылуу үчүн атайын идиштер орнотулган.

www.shailoo.gov.kg