Эң таза сезим, боорукерлик

Менин Шаарым / Мой Город

Кайрымдуулук иш жасоо үчүн сөзсүз эле колунда бай, акчасы көп болуу шарт эмес. Бул адамдын чын көңүлүнөн жасалчу иш. Катарыбызда дүйнөнүн түркүгү болгон боорукер жана камкор адамдардын бардыгы сүйүнтөт. Мындай инсандардын кадамы башкалар үчүн үлгүлүү болуп, суктанууну жаратат.
Жаздын келиши жаңы жашоонун башаты катары кабыл алынат эмеспи. А быйылкы жаз адамзатты ар тараптуу: чыдамкайлыгын, марттыгын, адамгерчилигин жана сабырдуулугун сынаган мезгил болгондой. Дегеним, аты жаман оорунун келиши менен адамдардын бири – бирине, коомго, ошол эле азык-түлүккө, убакытка болгон көз караштары түп тамырынан болбосо да, кайсы бир деңгээлде өзгөрүүлөргө дуушар болду.
Адамдык сапатты бийик тутуп, кыйын кезде калайык калк бири – бирине кол сунуп, жардамдарын аяшкан жок. Алардын катарында Юсуф Севдан уулу жана кичинекей Исмира Шарипова да бар.
Юсуф мырза Токтогул жана Шамшы көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан навайкананын ээси. Бул жайда ал 2011-жылдан бери эмгектенип келет. Өзү жалгыз иштегендиктен иш күнү таң атпай башталат. Ар бир адам, болгон нерсеге каниет, топук кылып жашашы керек деген көз карашты колдогон Юсуф мырза ушул жылдын апрель айынан бери муктаж адамдарга бекер нан таратып, кайрымдуулук кылып келет.
Күнүнө 20-30 даана нанды навайкананын жанындагы үкөкө салып коет. Каалаган адам, каалашынча көтөрүп кетсе болот. Бекер нан үчүн келген адамдарды тескебей тургандыгын, муктаж болгон үчүн алып жатат деген оюн айтты. Аталган жай күнү-түнү иштегендиктен, кардарлар тынымсыз келишет. Навайкана ээсинен сырткары сатып алуучулар да сатып алган нандарын өз каалоолору менен үкөктөргө салып кетип турушат.
Ал эми экинчи кайрымдуу бөбөгүбүздүн аты Исмира. А. С. Пушкин атындагы №1 гимназия мектебинин 2 – классынын окуучусу. Азыркы учурда Москва шаарында жашап жаткан кичинекей бөбөгүнө баруу үчүн акча чогултуп жүргөн. Бирок, “ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет” дегендей, өлкөнү каптаган пандемия Исмиранын ойун өзгөрткөн.
Апасы да медицина тармагында эмгектенгендиктен, ошол учурда тынымсыз эмгектенип жаткан медиктер үчүн Исмира чогулткан акчасына азык-түлүк алып, таттуу булочкаларды жасоону чечкен. Өз колу менен жасалган таттууларды шаарыбызда жайгашкан стационар жана ооруканаларда эмгектенип жаткан ак халатчандарга жеткирип берген.
Исмира сүрөт тартууга, ар кандай нерселерди жасоого жана бийге кызыгат. Келечекте апасы сыяктуу медицина тармагында эмгектенип, адамдарды оорудан айыктырууга салымын кошкусу келгендигин айтат. Эмне демекчибиз, тилегиң орундалып, кыргыз элине жардамың тийсин татына кыз. Катарыбызда күн нурундай шоола чачкан боорукер, кайрымдуу адамдарыбыз көп болсун.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru