Эл каттоого даярдыктар көрүлүүдө

Менин Шаарым / Мой Город

2020-жылы Кыргызстанда ири иш-чара – калкты жана турак жайды каттоо жүргүзүлөт. Ага карата улуттук статистика комитети тарабынан азыртадан баштап каттоону уюштуруу максатында технологиялык жактан даярдыктар көрүлүүдө. Алгач Токмок шаарынын тургундары каттоого алынат. Чүй облусундагы бул шаар пилоттук район катары тандалып алынган. Анын жыйынтыгынын негизинде жалпы республикалык акциянын даярдыгында акыркы жыйынтыктар чыгарылат.
28-29 март күндөрү мэриянын жыйындар залында Чүй жана Токмок шаарындагы мамлекеттик статистиканын облустук башкармалыгындагы жана шаардык бөлүмдөрдөгү адистерди эл жана мүлктү пилоттук түрдө каттоо боюнча үйрөтүп, даярдоо үчүн семинар өткөрүлдү. Аталган семинарда аты жок көчөлөр, мыйзамсыз үй, курулуштар жана ушул сыяктуу каттоого тоскоолдук жараткан көрүнүштөр, суроолор талкууга алынды.

Э. ТОЙМАТОВА.