Элдин өмүрү – анын тилинде

Менин Шаарым / Мой Город

Быйыл “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл толду. Ошондуктан, бул күндүн урматына өлкөбүздүн баардык аймактарында, аны менен катар Токмок шаарда жыл башынан бери эле кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп келе жатканынан кабардар кылып келүүдөбүз.

Өткөн жуманын 20 – сентябрь күнү №6 орто мектебинде кыргыз тил күнүнө арналган чоң маданий иш-чара болуп өттү. Бул кечеге Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. Кибираева, башкы адис Д. Жанжигитова, окуу иштери боюнча башкы адис А. Шайылдаева, ар улуттун диаспораларынын өкүлдөрү, Чүй районунун жана Токмок шаарынын орто мектептеринин мүдүрлөрү жана кыргыз тил, адабият мугалимдери күбө болушту. Болуп өткөн иш-чарага А. Кибираева “мыкты” деген баа берүү менен бирге, №6 орто мектеп жамаатына ардак грамота тапшырды.
Апрель айында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган караван – фестиваль уюштурулуп, орто мектептерде жана мектепке чейинки билим берүүчү жайларда кыргыз тилине арналган ар тармактуу иш-чаралар өткөрүлүп келе жаткан эле. Ал эми 23-сентябрь кыргыз тили күнү аталган фестивалдын  жыйынтыгы чыгарылып, жабылуу аземи №2 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде болуп өттү. Салтанаттуу кече “Кыргыз тили – өлкөбүздүн башаты” аталышында, бакчанын тарбиялануучуларынын катышуусунда тартууланды. Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн атынан Мамлекеттик тилдин 30-жылдыгына карата өткөрүлгөн кароо-сынакка активдүү катышкандыгы үчүн №2 бала бакчанын жамаатына ардак грамота ыйгарылды.
Ошол эле күнү И. Раззаков атындагы КМТУнун Токмок шаарындагы Х. А. Рахматулин атындагы филиалы да бул күнгө арналган майрамдык кече өткөрүүнү унутта калтырышкан жок. Кечеге мэриянын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси А. Джумагулова, окуу жайдын жамааты жана студенттери күбө болушту. Иш-чараны окуу жайдын мүдүрү, профессор Ж. Койчуманова ачып берди. Ал өз сөзүндө салтанаттуу кеченин катышуучуларын мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, кыргыз тилдин коомдогу орчундуу ролу тууралуу айтып берди. Кыргыз тилдин улуулугун даңктаган акын, жазуучулардын ырлары көркөм окулуп, көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн түнөк тапканга жетишти. “Башканы коюп Манасты айт” демекчи, бул кечеде да Манас айтылып, шаңдуу концерттик программа орун алды.
24-сентябрда ТИПКнын концерттик залында бул күнгө арналган “Сармерден” кыз-жигиттер таймашы болуп, шаңдуу маанай тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызды кыргыз кылып дүйнө элинин катарына кошуп жүргөн тилибиз тууралуу көркөм окуулар, макал, учкул сөздөр айтылып, комуз жана ооз комуздар чертилди. Мырзалардан кем калышпай “Манас” эпосунан үзүндү айткан кыздар өзүнчө мактоого арзыйт. Шаңдуу таймашка окуу жайдын жетекчилиги, мугалимдер жамааты ана студенттер күбө болушту. Мыкты маанай тартуулаган кыз-жигиттерге мактоо баракчалар берилди.
Ал эми бул жумадагы тил күнүнө арналган иш-чаралардын акыркыларынан болуп Республикалык маданият колледжинде өткөн конференцияны атасак болот. “Кылым баскан кыргыз тил” аталыштагы конференция студенттерден турган “Айкөл” жана “Мурас” командаларынын катышуусунда жана кыргыз тил мугалими А. Умотованын жетекчилигинин астында өттү. Колледж мүдүрү Т. Коонтаев жана окуу бөлүмүнүн башчысы Б. Асанкулова жалпы жамаатты жана студенттерди кыргыз элинин эң маанилүү майрамы болгон кыргыз тил күнү менен куттуктап, конференцияны мыкты деңгээлде өткөрүп, кыргыз тилин жайылтууга салым кошкондору үчүн команда мүчөлөрүн жана республикалык деңгээлде өткөрүлгөн “Сабаттуу бол” акциясына катышып, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерди ардак грамота менен сыйлашты.

Э. ТОЙМАТОВА.