Элеси эсибизде

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 3-6 – октябрь аралыгында “Касиет” спорт комплексинде бокс боюнча облустук ачык турнир болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты жаш спортчу Имамали Тургунбаевди эскерүү менен бирге спортчулардын ортосундагы достукту чыңдоо, бекемдөө, спорт мектептердин жана спорт клубдардын өнүгүүсүнө салым кошуу, спорт чебердигин өнүктүрүү жана жаш муундарды спортко кызыктыруу болуп саналат. Аталган турнир быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жатканын машыктыруучу Алтынбек Кошоев билдирди.
Турнирге Ысык-Көл, Кара-Балта, Бишкек, Кемин, Токмок жана республикабыздын башка аймактарынан келген 142 спортчу күч сынашты. Башкы калыстык милдетти кикбокс боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, бокс боюнча спорт чебери Малик Барбошев аркалады.

Маркум Имамали Тургунбаевдин жоро-жолдоштору демөөрчүлүк кылса, Токмок шаарынын балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорттук мектебинин машыктыруучусу А. Кошоев уюштуруучусу катары көп аракет жумшаган. Бул иш-чара ушуну менен гана токтоп калбастан, жыл сайын эскерүү кече катары турнир өткөрүлүп тураары айтылууда. Турнирдин жеңүүчүлөрүнө грамота жана медалдар ыйгарылды.
Ал эми өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Азия чемпионаты 8-17 – октябрда Бириккен Араб Эмиратынын Фуджейра шаарында өтүүсү күтүлүүдө. Алгачкы беттешүү 10-октябрь күнү өткөрүлүп, жалпысынан балдар жана кыздар арасында медалдардын 26 топтому ойнотулат.
Чемпионатка Кыргызстандын курама командасы боюнча башкы машыктыруучусу Төлөнбай уулу Уландын жетекчилиги астында 12 спортчу сапар алышкан. Алардан арасында Токмок шаарынан аттанган 3 спортчу бар.
Намыска жарачу үч мырзаны биринчи вице-мэр К. Чотбаев жана вице-мэр С. Ступников алдыдагы беттешүүлөрүнө ийгилик каалап узатышты. Ошондой эле, мэрдин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүнүп берилгенин жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнөн кабарлашты.

Э. ТОЙМАТОВА.