[:ru]Эмгек эрдикке жеткирет[:]

[:ru]
Мой город Токмок

Эмгекчил адамдарды жалпы коомубуз кадырлап, сыйлаары баарыбызга белгилүү. Алар таман акы, маңдай терлери менен өз үй-бүлөсүн гана бакпастан, мамлекетибиздин өркүндөп өсүшүнө да чоң салымдарын кошушат.
2018-жылдын 30-августунда мээнеткечтердин катарын толуктаган адамдардын эмгегин баалап, аларга жалпы Токмок шаарынын жашоочуларынын атынан ыраазычылык билдирүү менен шаарыбыздын мэри Данияр Амангельдиев ак ниет эмгеги, иштеги жетишкен ийгиликтери үчүн жана “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн” урматына “Токмок Жылуулук”, “Токмок Сууканал” жана Коммуналдык ишканалар комбинатынын алдыңкы жумушчуларын ыраазычылык алкыш каты менен сыйлады.

[:]