Эр жигит эл четинде, жоо бетинде

Менин Шаарым / Мой Город

52806 «Скорпион» аскер бөлүгүндө Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата, жаш муунду патриоттуулукка жана мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында ачык эшик күнү өткөрүлдү. Аскер бөлүгүнө орто билим берүү мекемелеринин студенттери, орто мектептердин студенттери барышты.

Аскер бөлүгүнүн өздүк курамы террористтер менен болгон кармашуудан тактикалык эпизод көрсөтүштү. Келген коноктор аскер бөлүгүнүн куралдары жана техникалары менен таанышып, шаймандарды колуна кармап көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле, аскер жашоосу жана турмушу жөнүндө да кыскача маалымат менен катар, бөлүк ичине эскурсия жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, окуучулардын жана студенттердин катышуусунда спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдеште мыктылыгын көрсөткөн №12 орто мектептин командасы 1-орунду ээлесе, 2-орунду №6 орто мектеп, 3-орунду №23лицейдин командасы багындырды. Жеңүүчүлөргө дипломдор, ал эми активдүү катышуучуларга грамоталар ыйгарылды.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru