Эрдигиңер эсибизде сакталат

Менин Шаарым / Мой Город

28-октябрь күнү шаарыбызда Баткен окуясында, мекенин коргоодо курман болгон жоокерлерге арналган митинг-реквием орун алды. Эскерүү кечеси бириккен аскер комиссариатында жайгашкан эстеликке гүл чамбар кою менен башталды. Кандуу согушта курман болгондорго арнап куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүүдөн соң, асманга карай үч ирет ок атылды.

Бул эскерүү кечесине вице-мэр С. Ступников, мэриянын аппарат жетекчиси, Баткен согушунун ардагери (БСА) А. Чорчонов, Токмок бириккен шаардык аскер комиссариатынын башчысы, полковник К. Шамыров, Чүй облусунун “Баткен Согушунун ардагерлер кеңешинин У. Орозалиев, БСА Республикалык кеңешинин төрагасы К. Бакалов,Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Э. Исмаилова, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы М. Осмоналиев, “Токмок Биримдик” ачык коомунун өкүлү Ш. Абдрахманов,  БСА Токмок шаардык кеңешинин төрагасы М. Чакаев, Баткен окуясынын ардагерлери, жана бириккен шаардык аскер комиссариатынын кызматкерлери катышышты.
Андан соң кече “Амир” кафесинде уланып, жайыл дасторкон үстүндө да куран окулду. Кеченин жүрүшүндө Баткен окуясынын сегиз катышуучусуна бириккен шаардык аскер комиссариатынын атынан грамота тапшырылса, Чүй облусунун “Баткен Согушунун ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан алты грамота,  БСА Токмок шаардык кеңешинин атынан төрт ыраазычылык каты тапшырылды. Мындан сырткары кандуу окуядагы жасаган эрдиктери үчүн үч адам орден менен сыйланып, коогалаңдын катышуучуларына жана бул күндү тарыхта калтырууга салым кошкон адамдарга он даана медаль ыйгарылды. Сыйлык алган ар бир жоокер “Мекениме кызмат кылууга дайым даярмын” — деген чакырык таштап жатышты. Коноктор үчүн Н. Байтемиров атындагы маданият үйүнүн чыгармачыл адамдары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Э. ТОЙМАТОВА.