Ийгилик башаты

Менин Шаарым / Мой Город

Эл аралык акча жумалыгына карата (Global Money Week-2019) КР Улуттук банкынын уюштуруусу жана колдоосу менен “Эң креативдүү копилка” (Самая креативная копилка) аталыштагы республикалык конкурс жарыяланган эле. Катышууну каалагандардын эмгектери 11-марттан 14-апрелге чейин кабыл алынып, калыстардын назарына коюлду.
Бул конкурска региондордун жана Бишкек шаарыбыздын орто мектептеринин жогорку класстагы окуучулары катышууга мүмкүндүк алышып, алдыңкы сыйлуу орундар үчүн ат салышышты. Алардын арасында шаарыбыздагы №11 мектеп – лицейдин бухгалтердик эсеп сабагынын мугалими Маншанло Фарида Мухамедовнанын жетекчилиги алдында 11 “б” классынын окуучулары да бар эле. Алар бул конкурска быйыл эле эмес, былтыр да катышып Сезим Талгарбекова 2500 сомдук депозит утуп алган экен.
№11 мектеп-лицейдин мүдүрү Балбакова Жамал Султаналиевнанын айтуусунда, Фарида Мухамедовна жаңы идеяларга бай, изденүүсү күч мугалимдердин бири. Ал окуучуларга өз сабагын берип гана тим болбостон, келечек ээлеринин ар тараптуу өсүүсүнө, изденүүсүнө көптөгөн салым кошуп келээрин айтат.
Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан конкурстун шарттары боюнча жасалган копилка экологияга жана адамдарга терс таасирин тийгизбеген, таза, өзгөчөлөнгөн материалдан жасалышы керек эле. Талапка жооп бергидей буюмду жасоо үчүн жердештерибиз кадимки эле ундан камыр жууруп, андан кичинекей кыштарды (кирпич) жасашкан. Кургатылган кыштан Чүй облусунун символу болгон 40 сантиметрлик Бурана кейпиндеги копилка курушкан. Бул аракеттери үчүн жаңы дем, мыкты идеянын аркасында региондордогу орто мектептердин ичинен эң мыкты ойлоп тапкыч деп саналып, 1-орунду жеңип алышты. Жетишкен ийгиликтери үчүн уюштуруучулардын өнөктөшү катары “ФИНКА Банк” ЖАК тарабынан 30-апрель күнү жеңүүчүлөргө проектор жана интерактивдүү доска тартууланды.
Жамал Султаналиевна “ФИНКА Банк” тартуу кылган белектер келечек ээлерине билим берүүгө көп пайдасы тиерин жана жетишкен ийгиликтери, мектеп-лицейдин өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн окуучуларга жана мектеп жамаатына ыраазычылыгын билдирди.
Өткөрүлгөн конкурстун жана эл аралык акча жумалыгынын негизги максаты: өсүп келе жаткан келечек ээлерин, жаштарды финансылык билимге ээ кылуу, акчаны колдоно билүү, келечекке максат коюу жана финансылык пландарды түзө билүүнү үйрөтүү болду.

Э. ТОЙМАТОВА.