Иш-чаралардын планы аткарууга кабыл алынды

Менин Шаарым / Мой Город

Токмок шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ж. Бакашова тарабынан бекитилген “Биздин балдар- планетанын келечеги!” аттуу эки айлыгынын иш-чаралар планын карап чыгып, аткарууга кабыл алгандыгын билдирди.

Аталган планга ылайык жарыяланган эки айлыктын алкагында төмөнкү иш-чаралар аткарылмакчы:
– балдардын ден-соолугуна, бой денесине, психикалык, руханий жана адеп-ахлахтык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чараларын көрүү;
– балдар арасында өз өмүрүн кыюуну болтурбоонун алдын алуу боюнча иш алып баруу (ата-энелер менен биргеликте);
– балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу;
– балдарга карата укук бузуулардын алдын алуу;
– балдардын катышуусу менен жол кырсыктарын алдын алуу;
– көлмөлөрдө, дарыяларда чөгүп кетпөө үчүн балдардын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруу;
– турмуштун оор кырдаалына туш болгон балдарга, ата-энелери эмгек миграциясында жүргөн, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана интернаттык уюмдарда жашаган балдарга колдоо көрсөтүү;
– кайрымдуулук акцияларын уюштуруу;
– жашоо шарты менен таанышкан соң, толук социалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүү;
– турак-жайга муктаж болгон тоголок жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын турак-жай маселесин чечүү;
– эркиндигинен ажыраткан жерлерде жазаларын өтөгөн жашы жетпеген өспүрүмдөрдү кайрадан коомго аралаштыруу чараларын көрүү;
– балдардын интеллектуалдык, руханий жана адептик-ахлахтык өнүгүүсүнө шарт түзүү;
– китепканаларда балдарга арналган ийримдерди уюштуруу, китеп окууга кызыгуусун арттыруу;
– мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө көңүл буруу;
– кенже курактагы балдарды тарбиялоодо ата-энелердин ролун жана маалымдуулугун жогорулатуу;
– кенже курактагы балдардын өнүгүүсүнүн мааниси боюнча маалыматты массалык-маалымат каражаттарында чагылдыруу;
– балдар арасында спорт оюндарын уюштуруу, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бирдей шарттарды түзүү;
Бекитилген планга ылайык иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын 31-июлуна чейин өткөрүлүп, аткарылмакчы.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru