Ишембилик

Мэрия города Токмок

Марттын үчүнчү ишембисин «Бак-дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү» деп жарыялоо жөнүндө токтомунун тиешелүү пунктарын аткаруу максатында, 2021-жылдын 20-мартында Токмок шаарынын аймагында бак-дарактарды отургузуу боюнча ишембилик өткөрүлөт. Бак-дарактардын көчөттөрүн алуу үчүн, тиешелуу арыз менен Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинатына 0773 16 21 69 номуру боюнча кайрылыш керек экендигин билдиребиз. Аткарылган иштер боюнча маалыматтарды Токмок шаардык мэриясынын ЖЭ0 бөлүмүнө жиберүүнү суранат.