Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору ачылды

Менин Шаарым / Мой Город

2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жарлыгынын алкагында Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жыл башынан бери бир топ алгылыктуу жумуштарды ишке ашырып келе жатышат. Ал эми бүгүн 17- сентябрь күнү шаарыбызда үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылышка шаар мэри Д. Амангельдиев, ҮБДТ директору А. Сыдыкова, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси А. Кибираева, Чүй райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси А. Исмаилова, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Э. Исмаилова, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электерди текшерүү кызматкерлери жана башка балдарды коргоого жана колдоого тиешеси бар кызматтардын өкүлдөрү күбө болушту. Аталган борбордун негизги максаты зомбулукка кабылган балдар жана алардын ата-энесине жеке кызматтарды: психологиялык, юридикалык, социалдык, педагогикалык жана реабилитациялык колдоолорду көргөзүү болуп саналат.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru