Көчөнүн аталышы өзгөрдү

Менин Шаарым / Мой Город

Кабыл алынган чечимдин негизинде шаарыбыздагы төрт көчө: шоссейная – Ш. Жантаев көчөсү болуп өзгөрсө, амбулаторная – Ы. Борончиев, кирпичная – Т. Молдо, ал эми больничная көчөсү А. Осмонов болуп өзгөргөн. Үч көчөнүн аталышы ошол учурда которулуп, азыркы кезде шаар тургундары тарабынан колдонулуп келет. Ал эми төртүнчү көчө азыркы кезге чейин больничная деген аталышта, эл оозунда да, тургундардын документтеринде пайдаланылып келген. Бул нерсе ортодо бийлик алмашуунун, элдик революциянын шарапатынан улам толук ишке ашырылбай калып калган өңдүү.ыргыз ССРинин Токмок шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин 1990-жылдын 21 – ноябрь күнү “Токмок шаарынын айрым көчөлөрүнүн аталышын өзгөртүү” жөнүндө чечими чыгарылган. Аталган чечимдин чыгышына тарыхый баалуулуктарды сактап калуу, шаар тургундарынын көчө аталыштарын өзгөртүү тууралуу сунуштары, кайрылуулары жана “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тил жөнүндө” законунун 29 беренеси негиз болгон.
Арадан 29 жыл өткөн соң, Чүй жана Токмок шаарынын пилоттук түрдө эл каттоо учурунда “Алыкул-үйү, борбору” коомдук бирикмесинин Токмок шаары боюнча координатору Болотбек Сатыгуловдун демилгеси менен жогорку маселе кайрадан көтөрүлүп, үстүбүздөгү жылдын 15-февраль күнү больничная көчөсүндөгү бир катар үйгө “А. Осмонов көчөсү” деген тактайча илинген. “Таланттуу, улуу акындын окуучулук күндөрү шаарыбызда өткөндүктөн, ал адамдын ысымынын шаарыбыздагы мектеп, көчөлөргө ыйгарылышы биз үчүн сыймык” – деген ойдо экенин айтат Б. Сатыгулов. Ошондой эле сыймыгыбыз Шабдан баатырдын ысымы дагы негизги көчөлөргө берилгени абдан жакшы, бирок, “Жантаев көчөсү”- дебей эле, Бишкек шаарындагыдай эле, Шабдан баатыр атындагы көчөсү десек, балким, шаар тургундары жана өсүп келе жаткан муун үчүн пайдалуу болмок беле?! Кандай болбосун, аты жок көчөдөн көрө, ысымдын болуп турганы жакшы.

Э. ТОЙМАТОВА.