Кайрымдуу боордоштор

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбызда жайгашкан Ж. Баласагын атындагы Токмок лицейинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан карапайым элдерге пандемия учурунан бери эле ар кандай жардам, колдоолор көрсөтүлүп келе жатат. Бул сапар, кылычын сүйрөп келе жаткан кышты утурлай, бүтүрүүчүлөр “Жылуулук тартуула” аталыштагы акция уюштурушту.
Аталган акциянын негизинде, шаарыбыздагы 30 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Жогорудагы колдоо алгандар аз камсыз болгон, көп балалуу жана муктаж үй-бүлөлөрдүн катарын толуктагандар болду. Бир үй-бүлө мүчөсү 8 адамдан жогору болсо 1 тоннадан көмүр, ал эми андан аз адамдан турса 500 киллограммдан көмүр туртууланды. Мындан сырткары, ар бир үй-бүлө бир кап картошка жана бир кап пияз кошо алышты. Жалпысынан 18 тонна көмүр таратылганын лицейдин мугалими жана бүтүрүүчүлөр координатору Бекжан Шералиев билдирди.
Шаар ичиндеги колдоо көрсөтүлгөн аймактардын бири сегизинчи аймактык өз алдынча башкаруунун (ТОС) 44чү квартальный комитети Мария Нурманбетова чет жактарда жүрүшсө да, өз элинин көйгөйүнө кайдыгер карабай, ар дайым колдоо көрсөтүп келе жаткан лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө өзүнүн жана аталган аймактын жашоочуларынын атынан терең ыраазычылык билдирүү менен рахматын айтып өттү.
М. Нурманбетованын айтуусунда өзүнүн карамагындагы аймакта 165 үй-бүлө жашайт. Алардын арасында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, муктаж, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жок эмес. Андыктан, лицейдин бүтүрүүчүлөрүнөн турган бул топ ар дайым жардам колун сунуп, жардамдарын берип келишерин айтты.
Бүтүрүүчүлөр координатору Бекжан мырза “Жылуулук тартуула” акциясын минтип ачыктап, гезит бетине чыгышынын негизги себеби, жасалган кайрымдуулук башкаларга үлгү болуп жардам колун сунгусу келген адамдардын саны арбыйт деген ишенимде экендигин баса белгиледи.
Маани берген адамга акциянын аталышы эки маанини камтыйт: биринчиси кайрымдуулук иштери менен алектенгендердин кадамы жарандардын жүрөгүнө, ал эми көмүргө муктаждардын үйүнө жылуулук тартуулай алышты. Ишиңиздерге ийгилик жар болсун!

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru