Кайрымдууларга ыраазычылык

Менин Шаарым / Мой Город

Пандемия учурунда карапайым-калкты колдоо ирээтинде жасаган иш-аракеттери үчүн кайрымдуу жарандарды сыйлоо уланууда. Мэр Д. Амангельдиев мэриянын атынан бир катар жарандарга алкыш каттарды тапшырды. «Ушундай мезгилде жалпы элдин кайгысын ортоктош болуу менен ооруну жеңилдетүү максатын көздөп эл үчүн кызмат көрсөткөн сиздерге шаар тургундарынын жана жеке өзүмдүн атымдан чоң ыраазычылык билдирем”-деп жазылат алкыш катта. Жалпы элибиз бөөдө кырсык, оору-сыркоодон оолак болсун. Катарыбыз намыскөй, боорукер инсандарга толуктала берсин.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru