Кайрымдуулуктун чеги жок

Менин Шаарым / Мой Город

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде учурда 250 кызмат алуучу багылууда. Алар өлкөбүздүн ар дубанынан жеткирилген. Көбү психикалык жактан жабыркаган, ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. Мындай абалда аларга өзгөчө көңүл буруу жана чоң мээнет талап кылынат. Оор абалда калган жарандар үчүн мекемеде эң мыкты шарттар түзүлгөн. 2 гектар жер аянтында корпустар менен бирге көздүн жоосун алган гүлдүн жана бак – дарактардын түрлөрү отургузулган Гүлзарлар мекеменин айлана-чөйрөсүн кайгы – кападан арылтып, оң таасирин тийгизгендей сезилет.
Белгилей кетсек, Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин корпустары 1933-жылы курулган экен. Ага карабастан, анын дубалдары бекем. Капиталдык оңдоо иштери жакындан бери Кувейттик “Ассаба” кайрымдуулук Фонду тарабынан жүргүзүлүп келе жатат.70 жаранга ылайыкташтырылган корпустарда оңдоо иштери аяктоодо. Азыркы пандемия шартында кыйналгандардын саны арбын. Бирок мекеменин кызмат алуучуларынын багына жараша кайдыгер эмес жарандардын жардамы менен жашоо уланууда. Бул тууралуу мекеменин башчысы Бурул Туманова билдирди. Анын айтымында, Токмоктон жана сырттан келген жардам берүүгө даяр жарандардын саны аз эмес. Алардын жардамы менен азык-түлүк продуктылары менен жуучу каражаттар, жылуу кийимдер, шейшептер берилип турат. Дайыма жардам бергендердин катарында “Биримдик Токмок” коомдук уюму, Өзбек, Дунган диаспоралары, Бишкек тургундары, Улуттук Кызыл Жарым Ай коому, Бишкектик “Жароокер” Коомдук фондунун башчысы Мырзабек Түнкатаров жана башка көптөгөн жарандар жана уюмдардын өкүлдөрү бар.

2016-жылы Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеде мончо куруу иштери башталган. Бирок бир нече себептер менен бирге пандемия шартында курулуш иштери токтоп калган эле. Демөөрчүлөрдү издеп, тапкан соң, учурда мончонун курулуш иштери “Апелифт” Германиялык кайрымдуулук уюму тарабынан бүткөрүлүп жатат. 2018-жылы Жапон долбоору боюнча мекеменин аймагына толугу менен брусчатка төшөлгөн. Мекеменин айлана-тегерегин иретке келтирип, чакан гүлчамбарларга гүлдөрдү отургузуу жана чарба иштерине басып жүргөн кызмат алуучулар жардам беришет. Жакында алардын күчү менен эс алуучу 2 чатырча колундагы бар материалдардан жасалып коюлду. Ал мекемеге келгендерге жакындары менен жолугуп, сүйлөшүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Ал эми жакында ошондой чоң эс алуу чатырчасынын орнотулушуна Америкадагы кыргызстандык эмигранттардын тобунун салымы зор болду. Бул, Бурул Туманованын айтымында, өтө баалуу белек. Анткени курулган эс алуу чатырчасына төшөктө жатып калган, мүмкүнчүлүгү чектелген кызмат алуучулар үчүн таза аба жутуп, ал жерде каралууга жакшы шарттар түзүлдү. Дагы кыргызстандык эмигранттар бул белек менен бирге азык-түлүк продуктыларын, жуучу каражаттарды жана башка керектүү буюмдарды жиберишкен. Учурдан пайдаланып, Бурул Шамшиевна, бардык кайдыгер эмес адамдарга, дайыма жардам берип келе жаткан мекеме-уюмдардын жетекчилерине, шаар тургундарына жана кыргызстандык эмигранттарга чоң ыраазычылыгын билдирип, аларга чын ден – соолук, бакубат жашоодо узун өмүр сүрүшүн каалады жана аны менен бирге алардын жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү дайыма болушун тиледи.

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru