Карысы бардын ырысы бар

Менин Шаарым / Мой Город

1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы 1-октябрь Эл аралык карылар күнүн расмий майрамдардын катарына киргизген. Бул күн жыл сайын кызуу белгиленип, жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, ден-соолук тилеп келишет. Салтка айлангандай шаарыбыздагы кадырман карыя, байбичелеринен турган 150 адамга АРЗ-2де салтанаттуу кече уюштурулду. Кечени куттуктоо сөзү менен калаа башчысы Д. Амангельдиев ачып берди.
Андан соң шаардык кеңештин төрагасы Т. Солтобаев, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Э. Исмаилова, шаардык ЖАКБ (ЗАГС) жетекчиси А. Исмаилова жана Кызыл Ай коомунун Чүй областтык өкүлчүлүгүнүн Токмок филиалынын жетекчиси Е. Колесникова жалындуу жаштык кайратын, бүт өмүрүн өз мекенине арнаган карыларыбызга бекем ден-соолук каалап өтүштү.

Кеченин кызыктуу бөлүгү бул жарым кылымдан ашык ынтымактуу түтүн булатып келе жаткан үй-бүлөлөрдү куттуктоо болду. Көңүл кубанткан жана суктанткан 8 үй-бүлөгө эстелик үчүн нике тууралуу күбөлүк, гүл жана белектер тапшырылды. Беш үй-бүлөнүн түтүн булаткандарына быйыл 50 жылдын жүзү болуп, алтын үйлөнүү тою белгиленди. Алар: Абыс Абдразаков менен Урумхан Жумашованын үй-бүлөсү, Галина Михайловна жана Юрий Николаевич Садовтор, Валентина Ивановна жана Никита Александрович Осиповтор, Нина Николаевна жана Олег Николаевич Хрипковтор, Тургунбек Турсунбаевич жана Умурнисахан Атавалиевалар эле.
Ал эми Нина Петровна жана Григорий Иванович Сизиковтордун, Гүлдана Акматова менен Токтобек Абдразаковтордун баш кошкондоруна 55 жыл толуп, зымырыт (изумруд) тоюн белгилесе, Юлия Александровна жана Дмитрий Васильевич Горбаньдардын үй-бүлөсү темир тоюн (65 жыл) майрамдашты. Кечеге чакырылган ар бир жаранга жайыл дасторкон үстүндө белектер таратылып берилди.
Жергиликтүү бийликтин колдоосу менен уюштурулган бул кечеге Кызыл Ай коомунун  Токмок филиалы, шаардык ЖАКБ, ЖЧК “Сказка” жана жеке ишкер Н. Золотаревдун салымдары өтө зор болгондугун Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Э. Исмалова токтолуп өттү. Мындан сырткары, “Эдем” салону  15-октябрга чейин кары-картаңдардын чач жасалгасын бекер жасап бермекчи. Ал эми жергиликтүү бийликтин бюджетинен 400 адамга 500 сомдон которулуп берилди.

Э. ТОЙМАТОВА.