Каржы кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлдү

Менин Шаарым / Мой Город

7-июнда Кыргыз Республикасынын каржы жана экономика кызматкерлеринин күнү белгиленди. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, бекемдөөдө каржы кызматкерлеринин салымы чоң. Каржылоосуз бир дагы иш оңунан жылбайт. Аймактардын, шаарлардын бюджети каржы кызматкерлерсиз бекитилбейт жана толбойт. Тартылып жаткан инвестициялар да каржы кызматкерлеринин билгичтик жөндөмү, кесипкөйлүк күчү менен келет. Аймактардын жашоосу, кыймыл –аракети, экономикасы түздөн-түз каржы маселеси менен тыгыз байланышкан. Чынында, “финансисттердин” эмгеги баа жеткис.
Каржы кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын каржылык-экономикалык тутумундагы көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана каржы тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Каржы жана экономика кызматкерлеринин күнү” майрамынын урматына КРнын Экономика жана каржы министрлигинин Чүй башкармалыгынын казыналык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Талантбек Алтыкеев “Финансы-экономикалык иштин отличниги” төш белгиси менен сыйланды. Ал эми ошол эле министрликтин Чүй башкармалыгынын башчысы Гульмира Жумалиева КРнын финансы министрлигинин “95 жыл” мааракелик медалына татыды.Сыйлык ээлеринин катарында Чүй башкармалыгынын финансылык-бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси Аскербек Субанов КРнын Экономика жана финансы министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.
Сыйлыктарды шаардын мэри Данияр Амангельдиев тапшырып жатып, “финансисттерге” чын ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, иштерине ийгилик каалап, сыйлыктары кут болушун тиледи!

Б. Байдылдаева.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru