Келечекке кадам

Менин Шаарым / Мой Город
Бүгүн Токмок индустриялык педагогикалык колледжинде бүтүрүү кечеси болуп өттү. Быйыл окуу жай менен 328 студенттен турган 8 тайпа коштошуп жаткан учуру. Алардын арасынан 56 бүтүрүүчү окуунун отличниктери экени айтылды.
Кеченин ачылышында колледждин мүдүрү О. Кыргызбаевич, мүдүрдүн окуу методикалык иштер боюнча орун басары С. Керимова жана мүдүрдүн тарбия иштери боюнча орун басары Ы. Абдыкановаларга сөз кезеги берилип, келечек ээлерине жакшы каалоо-тилектерин айтып өтүштү.

Андан соң, колледждин жашоосуна, спорттук – массалык иш-чараларына активдүү катышып, билим жана маданият тармагына салымын кошкон, үлгүлүү, мыкты бүтүрүүчүлөргө диплом, алкыш кат жана грамоталар тапшырылды. Алардын арасынан Көркөм чыгармачылык ”Манас” айтуу боюнча республикалык кароо сынактын катышуучусу, ПНК 3-11 тайпасынын старостасы Айдана Урманбетовага да алкыш кат тартууланды.
Салтанаттуу кече ыр, бий менен коштолуп, шаңдуу өттү. Иш-чаранын соңунда мугалимдерге карата бүтүрүүчүлөр тарабынан ыраазычылык билдирип, кучак толо гүл, жылуу сөздөр арналды.

Э. ТОЙМАТОВА.