Келечекте ырлар гана жаўырсын

Менин Шаарым / Мой Город

Үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү маданият үйүндө Улуу Жеништин 74-жылдыгына арналган “Сары Өзөн чолпондору” конкурсунун Гала концерти болуп өттү. Аталган конкурстун башка жылдардан өзгөчөлүгү бул жылы шаарыбыздын сыймыгы, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Николай Жданов көрүүчүлөрдүн катарынан орун алып, салтанаттуу кеченин күбөсү болгондугунда.
Концерттин алып баруучулары балдар сүймөнчүгүнө айланган Актан жана Акылай болушту. А дегенде эле дүйнө жүзүнөн тынчтык жана эркиндикти жокко чыгарууга аракет кылган апаат жылдарга, ал кездеги баатырларыбыздын эрдигине арналган ырлар жаңырды. Залда отурган көрүүчүлөр патриоттуулукка чакырган ырларды жөн гана угуп тим болбостон, кол жарыктарды күйгүзүү менен аткаруучуларды колдоп отурушту. Ал учурдагы сезимди айтып берүү мүмкүн эмес.

070519 Сары Озон 011
070519 Сары Озон 022
070519 Сары Озон 046
070519 Сары Озон 061
070519 Сары Озон 066
070519 Сары Озон 074
070519 Сары Озон 085
070519 Сары Озон 104
070519 Сары Озон 111
070519 Сары Озон 124
070519 Сары Озон 101
070519 Сары Озон 100
070519 Сары Озон 096
070519 Сары Озон 088
070519 Сары Озон 127
070519 Сары Озон 130
070519 Сары Озон 137
070519 Сары Озон 054
070519 Сары Озон 170

Ошондой эле, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык “Саманчынын жолу” чыгармасындагы Алиман балдарын согушка узатканы жана алардын кайра кайтпай калышы тууралуу мектеп окуучулары театрлаштырып, чыныгы актерлордой жеткиликтүү аткарып беришти. Мындай нерселерди көздөгү жашсыз көрүүгө болбос.
Кан күйгөн согуш талаасында эрдик көрсөтүп, тайманбастыктын артында азыркы тынч жашоону тартуу кылган ата-бабаларыбызга, эр жүрөк баатырларыбызга миң ирээт рахмат айтсак да жетишсиз болор. Биз менен биргеликте 21 кылымдын доорун сүрүп келген ардагерибиз Николай Акимовичке учурдан пайдаланып, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү тарабынан майрамдык белек, ал эми шаарыбыздын ардактуу атуулу Алиджан Ибрагимовдун атынан да шаардын жалгыз ардагери катары акчалай сыйлык тартууланды. Мындай аракеттерден соң, ардагер сөз кезегин алып, концерттин уюштуруучуларына жана ардагерди унутта калтырбай куттуктап келе жаткан атуулдарга рахматын айтып өттү.
Мыктылардын мыктысы катары тандалып алынган таланттар албетте, ишеничти актады. Мотурайган бөбөктөрдөн баштап, мектеп окуучуларынын ар бир концерттик программасы айтып бүткүс кереметтүү болду. Салтанаттуу кеченин соңунда вице мэр Сергей Ступников шаар тургундарын Жеңиш майрамы менен куттуктоо менен бирге конкурс-сынактын мыкты делген катышуучуларына, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мүдүрлөрүнө диплом жана грамоталарды тапшырды.

Э. ТОЙМАТОВА.