Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбыздын борбордук аянтында Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы окуу жайлар менен биргеликте “Мүмкүнчүлүк жарманкесин” өткөрүштү. Келечек ээлери болгон жаштардын кесип тандоолоруна мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан салтанаттуу кеченин ачылышында шаар мэри Д. Амангельдиевке, Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Э. Исмаиловага жана ТИПК мүдүрү О. Карышкырбаевге сөз кезеги берилди.

140519 Ярмарка Табак 010
140519 Ярмарка Табак 012
140519 Ярмарка Табак 015
140519 Ярмарка Табак 002
140519 Ярмарка Табак 005
140519 Ярмарка Табак 006
140519 Ярмарка Табак 003
140519 Ярмарка Табак 004
140519 Ярмарка Табак 018
140519 Ярмарка Табак 042
140519 Ярмарка Табак 039
140519 Ярмарка Табак 033
140519 Ярмарка Табак 030
140519 Ярмарка Табак 028
140519 Ярмарка Табак 022

Андан соң, жарманкеге катышкан 8 окуу жайдын өкүлдөрү ар кандай кесиптин мүмкүнчүлүктөрү, шарттары тууралуу мектеп окуучулары менен бөлүшүп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берүүдөн да баш тартышкан жок. Ошондой эле, бул иш-чара окуу жайдын студенттери жана жамааты тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.Болуп өткөн иш-чаранын максаты мектепти аяктап жаткан окуучулар үчүн кесип тандоого жана башка кесипти үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

Э. ТОЙМАТОВА.