Кино сүйүүчүлөр үчүн

Менин Шаарым / Мой Город

17-ноябрь Кыргыз киносунун күнү жана киноматографисттердин кесиптик майрамы. Бул майрамды утурлай Чүй-Токмок кинодирекциясынын директору Нурдин Ажимудинов менен чакан маек курдук.
– Саламатсызбы, Нурдин мырза. Биринчиден кесиптик майрамыңыз менен куттуктайбыз, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалап өтмөкчүбүз. Экинчиден, бул күндү кандай тосуп алдыңыздар?
– Саламатчылык. Рахмат. 17-ноябрь билгенге, бул өтө маанилүү майрам. Акыркы жылдары кыргыз кинолору өтө мыкты жетишкендиктерге жетишип келе жатат. Мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди багынтарына ишеним чоң. Тарых барактары, тарых кинолору жашообуздун өзөгү, алар биз үчүн маанилүү.
Бул күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде кыргыз киносунун өнүгүп, өсүшүнө салым кошуп жаткан кесипкөй адистерге сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Алардын катарында киноматография системасында жигердүү жана ийгиликтүү эмгектенгени үчүн деп мага да киноматография департаментинин ардак грамотасы ыйгарылды. Бул тармакта жасалып жаткан кызматыбызды баалап, жыл сайын ар кандай алкоолорго арзып келебиз.
– Сыйлыгыңыз кут болсун. Чүй-Токмок аймагында жайгашкан кинотеатрлар тууралуу кыскача айта кетсеңиз?
– Чүй районун аймагында «Ала-Тоо” кинотеатры жайгашкан. Бул имараттын абалы абдан начар болгондуктан, эки кичи залында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүлдү. Ал эми Токмок шаары боюнча кичирайондо “Ак-Тилек”, Дунларов көчөсүндө “Восток”, Ленин көчөсүндө Ж. Бөкөнбаев атындагы кинотеатрлар бар эле. Алар кийин жеке менчикке өтүп кеткен соң, ишмердүүлүгү токтоп калды. Азыркы тапта, шаар тургундарына маданий маалымат кызматын аткарып жаткан жалгыз гана “Космос” кинотеатры деп айтууга болот.
– Азыркы кырдаалда кинотеатрлардын абалы жана ишмердүүлүгү белгилүү эмеспи. Бирок, ага чейинки мезгилдерде деле «Космос» эмнегедир көп көрүүчү топтой албагандай сезим калтырат. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?
–»Космостун» түптөлгөнүнө 48 жылдын жүзү болуп калды. Ортодо көп убакыт бою кинотеатр өз ишин токтотуп койгон экен. 2016-жылы бул жака жумушка орношкон соң, департаментке кат жолдоп, аппаратура бөлдүрүп алдык. Ошентип, мурдагыга салыштырмалуу 2016-жылдан баштап кино жаатын жандандырууга кириштик. Бирок, кино сүйүүчүлөрдүн купулуна толгудай, заман талабына ылайык шарт түзүп, толук кандуу иштеши үчүн жана борбор калаабыздагыдай сапаттуу аппаратура үчүн бир топ каражат сарпталарын айта кетүү керек. Бизге мамлекет тарабынан анчалык көп каражат бөлүнбөгөндүктөн, проекциялык аппарат менен тасма коюууга туура келет. Буйруса, келечекте жеке жактар менен сүйлөшүп, көрөрмандар үчүн жакшы шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз.
– Жашоочулар кино көрүү үчүн борборго сапар тартпашы үчүн, проектор менен болсо да шаарыбыздан көрүүгө мүмкүнчүлүк түзсөк, көрөрмандардын саны көбөйөр беле?
– Албетте, эмнеге болбосун, болот. Андай шартты түзүп келе жатабыз. Ал жакта көрсөтүлгөн тасма бизге негизинен бир айдан соң көргөзүлөт. Бир күндө 6 сеанс жүрүп жаткан учурда, эки киши келсе экөөнө, бешөө болсо бешөөнө тасма коюп берген учурлар болот. Негизинен кинотеатр 360 орундуу, кичи залында жакында гана оңдоп-түзөө иштер жүргүзүлгөн. Буга чейин кышкы мезгилде имаратты жылытуу үчүн көп акча коротулгандыктан, 3-4 айга жумушубузду токтотууга туура келер эле. Бирок, быйыл кичи зал тынымсыз иш алып барат деп пландаган элек. Тилекке каршы карантинге байланыштуу жабууга туура келди. Азыркы учурда кинотеатрда мен, эсепчи жана киномеханик үчөөбүз гана иштеп жатабыз.
– Маегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен, ишиңиздерге ийгилик каалайм.

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru