Комуз күнү белгиленүүдө

 

Менин Шаарым / Мой Город

Бүгүн 9-сентябрь – Комуз күнүнө карата Токмокто бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын президентинин 13-август 2019-жылдын № 11 жарлыгына ылайык быйыл комуз күнү биринчи ирет белгиленүүдө.
Балдар музыкалык мектебинде шаарыбызда бул күндүн  урматына өтө турган салтанаттуу иш-чаралардын ачылышы болуп өттү. Ага аталган окуу жайдын мугалимдери, окуучулары жана маданият бөлүмүнүн жетекчиси Мира Туркменова күбө болушту. Концерттик программада кыргыз элинин руханий маданиятынын бир бөлүгү болгон комуз тууралуу баяндалып, мектептин окуучулары тарабынан даярдалган комуз күүлөрү жаңырды.

Андан соң, Республикалык маданият колледжинин студенттери комузда кол ойнотуп, флешмоб өткөрүштү. Мындан сырткары, бул күндү утурлай 7-сентябрь күнү “Бурана” мунарасында  жаш комузчулар “Маш ботой” күүсүн чертишкен. Ага катышкан 36 комузчунун арасында маданият колледжинин студенттери да бар эле. Ошондой эле, окуу жайдын китепканасында комуз күнүнө карата көргөзмө уюштурулду.

Э. ТОЙМАТОВА.