Коомдук ишмердин калкка кылган кызматы

Менин Шаарым / Мой Город

Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына карата

Султан Ибраимов 1927-жылдын 20-сентябрында Чүй районунун Алчалуу айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Айылындагы сегиз жылдык мектепти бүтүргөндөн кийин Фрунзедеги гидромелиорация техникумуна тапшырган. Айылда колхозчу, тракторчу болуп жүрүп, кызматтык зоболосу өйдөлөп, республиканын cуу чарба министри, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. 

Ишмер инсан Султан Ибраимов кезегинде СССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу орден жана медалдар менен сыйланган.

Республикабыз  агрардык өлкө эмеспи. Айыл чарба тармагы Султан Ибраимовго  алаканга салгандай дайын. Чүй өрөөнүндө жүгөрүнүн данын көбөйтүү маселесин көтөрүп чыкты. Анын натыйжасында түшүмдүүлүк  54 центнерден айланган. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын негизги ниети республикабызда эгиндин жыйымын эки миллионго жеткирүү болгон. Мунун чейрек бөлүгүн жүгөрү даны түзмөк. Мындай коюлган талапты ишке ашыруу көп түйшүк, мээнет, аракетти талап кылды.

Султан Ибраимов Сары-Өзөн Чүйгө канаттуулар фабрикасын ачууну ойлоп, Өкмөттүн айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Эсенбек Дүйшеевди ээрчитип, Чүй суусун жээктеп, Кеминден Ивановкага чейин жөө басышкан. Анан Токмок шаарынын ары жагын ылайыктуу деп таап, ал жерге канаттуулар фабрикасын курдурган. Мунун натыйжасында ошол жердеги канча деген тургундар иш менен камсыз болгону баамга урунат.

Ал болгону  53 жыл гана өмүр сүрдү. Канчалык кыска, бирок кандай гана нуска жана өрнөк өмүр.

2013 жылдын 21-августунда Токмок шаарында Султан Ибраимовдун эстелиги анын 85-жылдык мааракесине карата тургузулган. Ошондой эле шаарыбыздагы борбордук аянтка жана шаардагы негизги делген көчөлөрдүн бирине (эски Горький көчөсү) белгилүү мамлекеттик ишмердин ысымы ыйгарылган.

Э. ТОЙМАТОВА.