Коомдук унааларда жүрүү коопсузбу?

Менин Шаарым / Мой Город

Акыркы мезгилдерде аймагыбызда коронавирус инфекциясы менен жабыркагандар көп катталып жаткандыктан, калктын коопсуздугун камсыздоо, Токмок шаарынын аймагында массалык ооруга жол бербөө максатында адамдар көп топтолгон коомдук жайларда дезинфекция иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Ал эми, бүгүнкү макалабыз шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын, анын ичиндеги айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн санитардык абалы тууралуу болмокчу.
Бир айдан ашык убакка созулган карантинден соң, 3-июнда коомдук каттамдар жанданып, ишин уланта башташкан эле. Айдоочулардын күнү таң эрте саат 5:30 да медицина кызматкерлери тарабынан дене табы, ичимдик ичкен-ичпегени текшерилип, андан соң бригадирлер тарабынан автоунаанын ичин дезинфекция кылуу менен башталат. Бир нече каттам жүргүзүлгөн соң, айдоочулар өздөрү салон ичинде антисептикалык каражаттарды колдонуу менен кармагычтарды, каалганы тазалап, сүртүп турушаарын айтышты. Азыркы учурда “Чүй-Токмок Транс” ЖЧКсына тиешелүү шаар ичинде 110 маршруттук унаа бар.
Санитардык абалды, гигиенаны таза сактоо боюнча айдоочуларга көрсөтмөлөр берилип, ал үчүн ар бири антисептикалык каражат жана беткаптар менен камсыз болушкандыгын “Чүй-Токмок Транс” ЖЧКсынын мүдүрү Жаныш Жаркынбаев билдирди. Ал эми, жүргүнчүлөрдүн беткап тагынып жүрүүсүн талап кылуу натыйжасыз болуп жаткандыгы тууралуу Жаныш мырза буларга токтолду: “Жүргүнчүлөр үчүн кире бериште чапталган эскертүүлөр да жардам бербей келет. Ачыгын айтканда, беткапты мажбурлап тагуу менен бирге, беткапсыз адамды унаага салбай коюу да мүмкүн эмес болуп турат. Анткени, мындай учурда абал курчуп, жүргүнчү менен айдоочунун ортосунда жаңжал чыгып, кол көтөрүшкөн учур бир нече жолу кездешти. Андыктан, айдоочулар өздөрү беткап менен иштеп жатышат.”
Мындан сырткары, жогорудагы аталган 110 унаанын 50сү кичирайонго каттайт. Бул жаатта да көйгөйлөр жаралып жаткандыгын айдоочулар айтып өтүштү. Бир себеби, такси кызматындагылар коомдук унаанын токтоочу жайынан жүргүнчүлөрдү салып кетсе, экинчи себеби, унаа ичинде аралыкты сактоодо жүргүнчүлөрдүн санына чектөө коюлгандыктан, көп адам салууга мүмкүн эместиги. Андыктан, таксиден калган бирин-серин жүргүнчү (алар да көбүнчө пенсия курагындагы адамдар) менен бир топ аралыкка келүүгө туура келет. Бул себептерден улам акыркы бир ай ичинде 15тен ашык маршруттук унаанын айдоочулары жумуштан кетишкен.
Кичирайонго баруучу жолдун абалы да начар болгондуктан, унаанын сынган жерин оңдоого жана куйган майын актоо үчүн да жүргүнчүлөрдү беткабына карабай ташып жаткандыктарын белгилешти айдоочулар. Айтылган абалды көрүү үчүн №106 жана №9 каттамдагы унааларга отурдум. Чындыгында он жүргүнчүнүн үчөө гана беткап менен отурганына күбө болдум. Өзүн Карим деп тааныштырган айдоочу, беткап талап кылуудан натыйжа чыкпаган соң, инфекция жуктуруп албоо үчүн акыркы арга өздөрүн гана коргоо экендигин айтып өттү.
Ал эми “Токмок-Бишкек экспресс” каттамынын айдоочусу Назарбек Джамантаевдин айтуусу боюнча жүргүнчүлөр беткап тагынуу сунушун эч кандай каршылыгы жок, түшүнүү менен кабыл алып жатышат. Чындыгында бул каттамдагы унаага киргенимде баардык жүргүнчүлөр беткапчан экендигин көрдүм. Кээ бир жүргүнчү беткапсыз отуруп калса, айдоочу атайын даярдап койгон кошумча беткаптардан таратып берээрин айтты.
Ал эми жаралган бул кырдаал боюнча Токмок шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Фарида Садамкулова мындай дейт: “Биздин кызматкерлер шаар ичиндеги коомдук каттамдар кайрадан иштеп баштагандан бери, айдоочу жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келе жатышат. Ал эми маршруттук унааларды дезинфекциялоо боюнча токтоло турган болсок, күнүгө эртең менен 5:30 да базар аймагында жайгашкан ички шаар каттамынын унаа токтоочу жайында жана автобекеттеги аймактар аралык каттамдардагы унааларды дезинфекциялоо иштерин көзөмөлгө алып жатабыз.
Айдоочуларга дезинфекциялык каражаттарды даярдоо жана колдонуу боюнча жеринен үйрөтүлүп, кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, бир жумадан ашык убакыттан бери рейддик көзөмөлдөө иштери болуп жатат. Анда санитардык талапка жооп бербей, жүргүнчүлөрдүн белгиленген аралыкты сактабагандыгы жана беткапсыз жүргөндүгү үчүн айдоочуларга административдик айып пулдар салынды.
Учурдан пайдаланып шаар тургундарына кайрылып кетет элем. Урматтуу, шаарыбыздын жашоочулары, азыркы кырдаалды эске алып, санитардык эрежелерди сактаңыздар. Коомдук жайларда, киши көп топтолгон жерлерде беткап тагынууну унутпаңыздар. Биз үчүн сиздердин, калкыбыздын ден-соолугу абдан маанилүү.”

Э. ТОЙМАТОВА.