Кооздук эмгекти талап кылат

Менин Шаарым / Мой Город

Шаарыбыздын тазалыгы, кооздугу белгилүү бир мекеме же ишканага гана эле эмес, коомчулукка да тиешелүү экенин айтып келебиз. Коомдогу өнүгүп, өсүү, жаңылануу сыяктуу өзгөрүүлөргө ар бир жарандын кошкон салымы зор. Бул макалада шаарды көрктөндүрүүгө бир аз да болсо салым кошуп жаткан, эмгекти сүйгөн, иштерман айым жөнүндө сөз болмокчу.
Мэрия жана “Космос” кинотеатрынын ортосунан орун алган СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бакен Кыдыкееванын эстелигинин айланасындагы бажырайган гүлдөрдү көпчүлүк шаар тургундары көрсө керек. Себеби, кечки эс алууга чыккандар ал жердеги отургучтардан орун алып отурушат эмеспи. Мына ошол көз жоосун алган гүлдөрдү катардагы шаар тургуну, пенсионер Тамила айым өстүрүп келет.
Эмнеден улам бул иш менен алектенип калганы, ким же эмне түрткү болгону тууралуу Тамила айым буларга токтолду: “Менин бул аймакта жашаганыма 17 жылдын жүзү болду. Коомдогу болуп жаткан көйгөйлөр мени ойлонтпой койбойт. Кол шилтеп басып кетчү адамдардан эмесмин. Күчүктөрүмдү ээрчитип кечки сейилге көп чыгам. Ушул жерге келгенде эле кароосуз калган бул эстеликти көрүп, ойлонуп калчу болдум. 2 жыл мурда сыртындагы плиткалары түшүп калган экен, мэрияга кайрылсам 2 күндүн ичинде оңдоп коюшту.
Мен Бакен Кыдыкееванын эмгегин баалайм. Эстеликтен соң, бул адам тууралуу маалымат алуу үчүн китепканага, шаарыбыздагы маданият министрлигинин өкүлүнө кайрылып, андан соң борбор шаарыбызга чейин барып келдим. Үч жылдан соң, актрисанын 100 жылдык мааракеси болот экен, ошондо гүл коюлуп, шаңдуу белгиленээр деп күтүп жүрөм”.
Тамила Рахимовна жаз келгенде эстеликтин айланасындагы жерди өз колу менен казып, гүл отургузганга даярдаган. Балдар аянтын көрктөндүрүүгө жардам берип, эмгеги үчүн алган көчөттөрдү алып келип ушул жерге отургузган. Өзү төртүнчү кабатта жашаганына карабастан, күндө үйүнөн суу ташып келип сугарып турат. Чөптөрүн отоп же тазалап жаткан учурда эс алуучулар эжени атайын гүл караган кызматкер катары кабыл алышарын айтат.


Катардагы шаар тургуну экенин билишкенде, таң калууларын жашырышпайт дейт Тамила айым. “Сизге кандай пайда? Жаныңызды кыйнап эмне кереги бар?” – деп адамдар көп кайрылышарын айтат. Ошол эле учурда, ыраазычылыгын билдирип, рахмат айткан да жарандар жок эмес. Мындай учурда, өз кылган эмгегине суктанып, жакшы сөздөрдү кубануу менен кабыл аларын айтып жылмайды.
Гумарова Тамила Рахимовна учурунда №3 орто мектепте математика жана физика сабагынын мугалими катары 20 жыл эмгектенген. Азыркы учурда 72 жаштын чайын ичип жаткан мугалим, ардактуу эс алууга чыкканына карабастан аталган сабактар боюнча балдарды кошумча даярдыктан өткөрүп турат.
Каарманым өз жаш курагынан бир топ жаш көрүнөт. Балким, спорт менен машыгуунун кесепетидир. Анткени, эженин күнү эртең мененки чуркоодон соң суу куюнуудан башталат. Бул адаты, мектепте иштеп жүргөндөн калган экен. “Балдарды окутуу бул өзүнчө машакат, нервимди сактоого муздак суунун чоң пайдасы бар” – дейт Тамила эже.
Баса, суу демекчи, материал даярдап жаткан учурда мэриядан чыгып бара жатып, Тамила айымды жолуктурдум. Эки бош чаканы кармап алып отурган экен. Акыркы учурда жакынкы жерде агып аткан суудан ташып жатканын, бул күнү суу өчүк экенин, күн сайын болбосо да күн алыс сугарбаса гүлдөрү соолуп каларын айтып кейиди.
Чындыгында, ичим ачышты. Керек болсо, анча-мынча адамдар өз үйүнүн бакчасын мынчалык карабаса керек деген ой кетти. Жумуш ордума жетип, коммуналдык ишканалар комбинатына жардам сурап кайрылдым. Колдон келген жардамдарын берээрин айтышты. Коомго кол сунган Тамила айымдын суктанткан эмгегине бир аз да болсо колдоо көрсөтсөк эмнеге болбосун?

Э. ТОЙМАТОВА.


Данная статья является интеллектуальной и авторской собственностью МУ «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок».
Перепечатка материала с сайта невозможна без письменного разрешения редакции. Наша почта: moi_gorod-2006@mail.ru